Домой Саясат Беш күндүн ичинде 8 млн. долларды сомго айланткан Бабанов эмне максатты көздөп...

Беш күндүн ичинде 8 млн. долларды сомго айланткан Бабанов эмне максатты көздөп жатат?

71

pic_cbf40741a0e83a86cbda7a421b6ca2e4 (1)

 

Акыркы беш күндүн ичинде эле президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун жакын туугандары 8 млн. долларды сомго айланткан. Бул тууралуу маалымат Финансылык чалгындоо кызматынан байкоосунда белгилүү болгонун ишенимдүү булактарыбыз кабарлады. Бабановго тиешелүү миллиондогон долларларды кыргыз сомуна алмаштыруу операциясы «АКБ Кыргызстан» банкында гана жүргөн. Бул банк Өмүрбек Токтогуловичтин менчиги экенин эске салып кетсек болот.

Маселен, Бабановдун бир тууганы Ая Бабанова жеке өзү 6 млн. долларды сомго которсо, анын жээни Жаныбек Сагындык уулу 1,5 млн. долларды улуттук валютага алмаштырган. Ал эми Бабановдун штабынын Балыкчы шаарындагы координатору Максат Алиев 300 миң долларды сомго айланткан. Тилекке каршы, бул ири каражат расмий түрдө декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Мындай ири суммадагы каражат кандай максаттарда жумшалары белгисиз.

Буга чейин айрым ММКлар Бабанов шайлоодон жеңилерин билип, өлкөдө массалык башаламандык уюштуруу менен төңкөрүш пландап жатканын маалымдаган. Андан көп өтпөй эле Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев “ярый” балдарды төңкөрүшкө үгүттөп, аларга ири суммадагы акча таратып жатканы ачыкка чыгып кеткен. Исаев Бабановдун Чүй облусундагы ишенимдүү өкүлү экенин баса белгилеп кетели. Ал эми 9-октябрда “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспековдун телефон сүйлөшүүсү жарыяланып, анда Бабановдун каржылоосу менен төңкөрүшкө даярдык көрүлүп жатканы белгилүү болгон. Өмүрбек Токтогуловичтин жакын адамдарынын 8 млн. долларды 500 млн. сомдон ашуун суммага алмаштырганы бекер жерден эмес. Муну тез арада тиешелүү органдар иликтөөгө алышы керек.      Булак «vb.kg» 365wellst.