Домой Аналитика Эксперт: Июнда АКШда дефолт жарыяланат

Эксперт: Июнда АКШда дефолт жарыяланат

23
Июнда АКШда дефолт болгону жарыяланат, демек, АКШнын аймагынан сырткаркы долларлардын жараксыз болуп калганы да жалпыга маалымдалышы мүмкүн. Андыктан буга азыртадан кам көрө бериш керек. Бул тууралуу Беларусь мамлекеттик технологиялык университетинин Бизнес технологиясы, менеджмент жана туруктуу өнүгүү боюнча кафедра жетекчиси, экономика илимдеринин доктору Ирина Новикова Sputnik радиосуна айтып берген.
Ал эфир учурунда акчасын доллар менен топтоп, сактап келген адамдар эмитен ойлонушу керектигин айткан.
«Силерге Федералдык резервдер системасынын мурдагы башчысы, азыр АКШнын финансы министри Жэнет Йеллендин айтканына таянып бир сырды ачып коёюн. Июнда АКШда дефолт болгону жарыяланат, демек, алар АКШнын аймагынан сырткаркы долларлардын жараксыз болуп калганын да жар салышы мүмкүн. Андыктан акчасын доллар менен топтоп жүргөндөр азыртадан ойлонушу керек», — деген эксперт.
Ал башкы финансылык кластер — АКШ экономикасынын жана дүйнөлүк экономиканын объективдүү абалы, андан сырткары, бир канча топтун колуна капиталдын ири үлүшүнүн топтолушу дүйнөнү эски жол менен кете албай калган кырдаалга алып келгендигин кошумчалаган.