Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 7 «Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому кабыл алынган, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү чечими кабыл алганга чейин накталай чет өлкөлүк валютасын (АКШ долларын) Кыргыз Республикасынан алып чыгууга убактылуу тыюу салуу тууралуу билдирет:
– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000ден (беш миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;
– Кыргыз Республикасынын жарандарына жана резиденттерине 10 000ден (он миң) көп накталай АКШ доллары суммасында;
Кыргыз Республикасынын резиденттери жана жарандары накталай АКШ долларын 10 000 (он миң) АКШ долларынан ашкан суммада алып чыккан учурда, белгиленген чектен ашкан суммадан 10% өлчөмүндө төлөм алынат.
Ушуга байланыштуу накталай акча (АКШ долларын) алып чыгып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөө үчүн накталай акчаны (АКШ долларын) ташыган адамдар Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жайгашкан товарларды жана транспорттук каражаттарды алып өтүүчү жерлеринде турган Кыргыз Республикасынын бажы кызматкерлерине кайрылуусу зарыл.