Домой Саясат Бабанов дегенде: кыргыздар казак жаранын президент шайлайбы?

Бабанов дегенде: кыргыздар казак жаранын президент шайлайбы?

56

fce56465-5059-4b6b-a931-46e825afc0e9

 

Өмүрбек Бабановдун  Казакстандын жараны экендиги тууралу чуу чыкканы эсибизде. Чындап эле Казакстандын жараны экен. Казактарды 30 жылдан бери башкарып келаткан Нурсултан Назарбаевдин ага ниетинин түздүгү дагы ушундан улам болсо керек.

Окуяны башынан баяндайлы. 1993-жылы Москвадагы Тимирязев  атындагы айыл чарба академиясын бүткөндөн кийин Ө.Бабанов Казакстандын жараны (улуту да казак) Рита Бирбаевага үйлөнүп, Тараз шаарына туруктуу жашоо үчүн көчүп келишет. 1995-жылы СССРдин эски паспортунун негизинде Казакстандын улуттук паспортунун ээси болот да, ал өлкөнүн жараны катары бардык укуктарын пайдаланат.

Чыйрак жигит  экен, кайын журтунун жардамы менен кыска мөөнөттүн ичинде бутуна туруп, нефтибизнес чөйрөсүндө  ийгиликтүү ишкерге айланат. Үлкөн бизнесмендер менен өнөктөш болуп, качкын президент Аскар Акаевдин уулу Айдар менен да коюн-колтук алышат. Президенттин эрке талтан уулунун Кыргызстанда чексиз мүмкүнчүлүгү бар экенин илгиртпей түшүнгөн “балапан” Бабанов бизнесин гүлдөтөм деп 1998-жылы октябрдын орто ченинде үй-бүлөөсү менен Кыргызстанга көчүп келет. Айдар досунун жардамы менен 1999-жылы 31-мартта “Мунай” мамлекеттик ишканасынын Башкы директорунун биринчи орунбасарлыгына дайындалат.

Орун басар болуп алып, ойдогудай бизнес жасап баштаган. Бирок  Кыргызстанда чет элдик жарандардын укугу чектелүү экенин жакшы түшүнгөн. Ошондуктан толук кандуу кыргыз жараны болуш үчүн КР жарандыгын алууга аракеттенет. Арам оюн ишке ашырыш үчүн, тагырагы, КР жарандыгын алуу максатында КР ИИМ базасында түзүлгөн конфликттик (апелляциялык) комиссияга кайрылган.

Бул жерден да Бабанов баарынын башын айлантып, жанылыштык менен Казакстандын жараны болуп катталып калганын айтып, ал документтер жокко чыгарылган деген жасалма документтерди комиссиянын кароосуна койгон. А чындыгында “Казак Республикасынын калкка берилүүчү  документтеринин” маалымат базасында Ө.Бабанов деген жаран ушул учурга чейин казак мамлекетинин  жараны жана ал адам казакстандык паспортун тийиштүү органдарга тапшырбагандыгы тууралу так маалымат жазылып  турат.

Дагы бир кызык жагдай, Ө.Бабанов өз арызында 1995-1999-жылдары коңшу мамлекеттин аймагында жашап жүрүп Казакстандын паспортун алган учурда Кыргыз Республикасынын паспортун жоготуп ийгендигин мойнуна алган.

Бирок ал кезде КРнын Казакстандагы элчилигинин консулдук учётунда Ө.Бабанов катталган эмес.  Мыйзам боюнча “чет өлкөдө туруктуу жашап жаткан же убактылуу жүргөн КР жарандары, КР кызыкчылыгын жактаган консулдук мекемелердин, же дипломатиялык өкүлчүлүктүн консулдук учетунда катталууга тийиш” (“КР жарандары жөнүндө” мыйзам).

Ө.Бабановдун консулдук учетко катталбай калуусунун себеби түшүнүктүү. Ал 1995-жылдан 1999-жылдын мартына чейин казак жараны катары казак мамлекетинин мекемелеринде катталган. Юридикалык жактан алганда ал азыр да казак жараны болуп эсептелет. Андыктан  кыргыз элчилигинин консулдук учетунда жок болуп жатканы мыйзам ченемдүү. Дагы бир далил: ал арыз бергенде кыргыз жарандыгын күбөлөндүргөн эч бир документтери жок болчу.

Бирок, аталган комиссия Ө.Бабанов сунуштаган жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз чечим кабыл алган. Тактап айтканда, Бабанов КРнын жарандыгынан чыккан эмес деген жүйөө менен анын жарандыгын калыбына келтирген. Бирок бул иш ал комиссиянын компетенциясына кирбейт.Демек, Өмүрбек Бабанов кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган.  Маселен, “КРнын жарандыгы жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык,  “Мурда КР атуулу болгон адам, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте өтүнүч кат менен кайрылган сон, КР Президентинин жеке чечими менен жарандыгы калыбына келтирилет”.

Ө.Бабанов мыйзамга ылайык, кыргыз жарандыгын калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылган эмес. Муну өз убагында – бая чуу чыккан маалда КР Президентинин алдындагы КР жарандарынын маселелери боюнча Комиссиясы тастыктаган болчу.

Айтор ошентип, КР ИИМ алдындагы конфликттик комиссиянын чечими мыйзамсыз жана негизсиз. Демек. Ө.Бабановго берилген КРнын жараны деген паспорт да жараксыз. Кептин ачыгы, жогорудагы жагдайлардан улам Ө.Бабановдун   КР Президентигине шайланууга шайлоо укугу да жок. Анткени “КРнын Президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына  ылайык “Кыргыз Республикасынын Президенти болуп чет элдик жарандыгы болбогон, 35-70 жаш курагындагы, мамлекеттик тилди билген жана республикада 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Президент болуп шайлана алат”. free viagra at no cost.

Ө.Бабанов муну билген эмеспи? Албетте билген. Бар болгону акчанын күчүнө таянып депутат болуп келди да. Мыйзам иштебеген жерде акчанын күнү тууйт. Азыр эл Эгеси, Журт Башы тандалып жаткан кез. Тандоо так болгону дурус. Казакстандын жаранын президент шайлап алсак, анда Кыргызстан казак боордоштордун бир облусуна айланып калбайбы? Казак президенти Н.Назарбаевдин “жалгыз Алматы эле бүтүндөй Кыргызстандан 5 эсе бай” деп мактанып жатканын эске алсак, алар Кыргызстанды Алматы шаарынын чет жакасындагы жаны конушка тенеп койчу түрү бар.

Андыктан, ардактуу агайын-туугандар, мамлекет башчыбызды акыл-эстүүлүк менен шайлап алалы.