Өлкөдө доллардын сомго карата курсун туруктуу кармап туруу үчүн Улуттук банк 1 ай ичинде (ноябрда) жалпы 84 миллион 700 миң доллар сатыкка чыгарды. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, ноябрь айында Улуттук банк тарабынан 11 жолу интервенция жасалды. 12-ноябрда 26 миллион 800 миң доллар, 16-ноябрда 21 миллион 400 миң, 17-ноябрда 500 миң доллар, 18-ноябрда 1 миллион 300 миң доллар, 19-ноябрда 3 миллион доллар, 20-ноябрда 2 миллион 50 миң доллар, 24-ноябрда 1 миллион 600 миң доллар, 25-ноябрда 3 миллион 100 миң доллар, 26-ноябрда 5 миллион 800 миң доллар, 27-ноябрда 1 миллион 100 миң, 30-ноябрда 16 миллион 100 миң доллар валюта базарына сатыкка чыгарылды.
Бүгүн, 1-декабрга карата өлкөдө 1 доллар 84 сом 90 тыйынды түздү. Ал эми Улуттук банктын сайтында доллардын баасы 84 сом 79 тыйын деп көрсөтүлөт.