Баткен шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын №2022 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери үчүн үй салынып жатат. Бул тууралуу аскер бөлүктүн командир Кыялбек Төлөнбаев кабарлады.
Маалыматка караганда, курулушу 4-ноябрда башталган үй 8 батирге ылайыкташтырылган. Болжолдуу түрдө 20 млн сом сарпталмакчы.
Курулуш ишин жергиликтүү жумушчулар да тартылган. Аны 2021-жылдын 28-майында чек арачылар күнүнө карата аяктоо пландалууда. Батирлерде заман талабына ылайык бардык шарттар каралат. Үй чек ара кызматкерлерине №2022 аскер бөлүгүнүн үй башкармалыгы комиссиясы тарабынан берилет.
булак: turmush.kg