Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңеште Атыр Абдрахматованын ордуна Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы мүчөсү шайланды.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Акылбек Сариевдин талапкерлигин көрсөттү. Депутаттар анын талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдошту.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Ал БШКнын толук курамы мыйзамдуу жол менен тазаланыш керек экенин билдирген.
Акылбек Сариев Борбордук шайлоо комиссиясын 2010-2011-жылдары жетектеген.