Домой Аналитика Байлар, эми бир аз топук кылбайсыңарбы? Кадам ушул…

Байлар, эми бир аз топук кылбайсыңарбы? Кадам ушул…

102

(Башы өткөн санда)

КоррупцияЖанагы бай неменин бир чоң чогулушта сүйлөгөнүн уккан наркы кошунасы жакасын кармап келиптир, кебин айта албай калчылдайт: «Туй энеңди… накта суболуч турбайбы! Эй, «ыймандуу бололу, таза бололу, кыргыз деген ыйманы куюлган эл болгон» деп жатпайбы!  Анан да «элибиздин мүлкүнө кол салгандарды баары бир кудай жазалайт» дегенине күйүп, өрттөнүп кете жаздабадымбы, энеңди… гана десе! Каткан нанды, дагы далай тамакты “свежий” эмес деп кесир кылып, чакалап акыр-чикирге төктүрүп, «күң» жумшаган аялын айтпайбы ой, жылына бирден машина сүзүп кутулуп турган кызы менен баласын айтпайбы, ой! Туй энеңди! Жок, андайларды кудай ура албайт экен! Өзүбүз эле жайлашыбыз керек турбайбы. Атаганат, колдон келсе, өз колум менен!..» Ушинтип күйүп-бышып ызырынат, тиги коррупционерди жакшы билген кошунасы. Андай күйгөн кошунанын кейпин калганыбыз күндө бир маал кийет эмеспизби, анын айткандарындайлардан угуп, гезит окуп, телевизор көрүп, радио угуп, элдин айтканынан… анан дагы кайсы бир коррупционерди сот акең бошоткондо же кесимиш эткенде күйгөндү кой, биротоло эле өрттөнүп кетесиң! Мына, аз мурун 10-12 жылга кетет деген Нарымбаев менен Коркмазовду кесимиш этти, Келдибеков дегениңди биротоло бошотуп таштады, далайлар олчойгон күнөөсүн көтөрүп эле Ак үйдө, парламентте, министрликтерде иштеп жүрөт, уялбай эле, тоготуп койбой эле коррупциялык «салтын» улантып жатат. Буга чейин далай «мандемдүү» байлык топтоп келген Чудинов, Жумалив дегендер «бизди эл шайлаган» деп Парламентте олтурат го. Бул эмне деген айбанчылык?!

Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы чын. Ал күрөш азыр Акаев тушундагыга, Бакиев тушундагыга караганда кадимкидей эле жүрүп жатат. Бирок, жүрүп жатканы салыштырмалуу, дааналасак — мурункуга караганда азыркы бийлик тушунда жүрүп жатат. Ал эми салыштыруусун алып таштасак, анда коррупцияга каршы күрөш ырааттуу түрдө, баарына бирдей чекте жүргөн жери жок, ал күрөштү «жармы жалган, жарымы чын» деп койсок ток этерин айтканыбыз болор.  Күч органдары гана эмес, карапайым адамдар билген коррупционерлер эч нерсеге жооп бербей эле басып жүрбөйбү? Андайлар толду.  Азыр коррупционерди табыш үчүн кенедей дагы изилдеп-иликтөөнүн кереги жок. Алар “мен мына” деп эле жан-жагыңда жүрбөйбү: кабат үйлөрү менен, кымбат машиналары менен, пансионаттары, ресторандары, акча алмаштыруучу жайлары менен… Четинен карма да абакка тыга бер. Милийса аларды кармап келсе, ал шүмшүктөр соттордун тамагына «тыга» берип бошонуп кетип жатпайбы! Сот системасын реформалайбыз деп башын жерге уруп жатышат, бирок, кенедей да майнап чыкканы жок го. Аны президент Атамбаев да айтты. «Сотторду тандоо кеңеши» деп башты жакшы эле оорутуп келатышат, аларды чындап  тандаганга жан жок! Ойлоп калам: миң тандаса да азыр ушул таза сот табылбайт го!

Коррупцияга каршы күрөштө бардык жарандарга, коррупцияга шектелген дейли, бирдей мамиле кылынбай, кээ бир коррупционерлер корголуп жатпайбы? Же иттей калппы?!

Коррупция мамлекетибизде өтө эле терең кетип калганын «даңазалаган» мисалдардан дагы айталы да, айтып жадатсак да айталы, күнү айталы, түнү айталы, зыяны болбос: мамлекет башчысынын аппарат башчысы деген кызмат мамлекетибиздеги экинин бири деген кызмат. Анын башчысы Данияр Нарымбаев, Генералдык прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Кылычбек Арпачиев, Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазов, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев, «Кыргызалтындын» мурунку деректири Жапаров, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин проректору Нурзак Асанбеков, мурунку Генпрокурордун күйөөсү Бакыт Абдыкапаров, мейли, күйөө кызмат эмес, кеп прокурордо… Мына ушундай кызматтагылар коррупционер болуп жатпайбы! «Көмүскөдө» калып жаткан үлкөн коррупционерлер жүздөп саналат эмеспи! Иш өлүптүрбү? Албетте, өлгөн!  Коррупцияга каршы күрөшүп жаткандардын ичинде коррупционерлер арбын экен деген кеп бар, ага не деп куурадык?! Ии, коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатыппы?! Азыр кай мамлекетте болбосун коррупция бар. Аны биротоло жоготуу мүмкүн эмес, маселе масштабында калды — кайсы өлкөдө көп да кайсы өлкөдө аз. Биздин өлкөдө болсо коррупциялык иш батпай кетти, маселе, аны азайтууда болуп жатат. Евразиялык биримдикке киргени илгери үмүтүбүз реалдуу тоскоолдукка учурап, импорт дегениң экспортубуздан үч эсе көп болуп, мунайзаттын арзандашы менен доллардын куну жогорулап, ж.б. толгон себептер менен экономикалык кризиске биротоло алдырбай эптеп турган убакта коррупциябыз азайса сонун болбойт беле! «Бир аз эс алсаңар боло, ыя, айланайын коррупционерлер» — дедиртип кемпир-кесектерди жалынтыш эле калды окшойт…

Момундай бир кызык болубатпайбы: азыр кайсы министрдик коррупцияга кандай малынганы жөнүндө мамлекеттик деңгээлде айтылып жатат. Маселен, Билим берүү жана Илим минстрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги бири-биринен «коррупция королдугу» деген «наамды» талашып зуулдап баратат дейт. Мына ошолорду жолдон тосуп, «акесин аңдан таанытса» болбойт беле! Анткен жери жок. Элвира Сариева менен Талантбек Батыралиев иштеген түр көрсөтүп самсаалайт… Антип самсаалагандар толтура. Анткени, кадр маселеси каралбай эле, кызматың картөшкөдөйбү же башкадайбы сатылып жатат го… Тез аранын ичинде кадр маселесин жөнгө салбаса, коомубуз ого бетер ыплас абалга кептелет. Карап көрүңүзчү, азыр ошол эле Ак үйдөн баштап, министрликтердин, мекемелердин  ж.б. баарында шаарда шокалад жеп өскөн эрке балдар менен сырты жылтыраган кыздар көп иштейт. Аларга элинин тагдыры эмне болуп жатканы кызык эмес, элинин салт-санаасы, баскан жолу ж.б. алардын дилинде да, мээсинде да жок, аларга мода, мыкты машина, кечкисин ресторан, кафелерде чардап эс алуусу гана керек. Анан биздин коом кантип оңолду?! Биринчи иретте, жогорудагылардан кутулушубуз керек. Алар баралына келгенде элинин тамтыракайын чыгарбайбы, наалытыныкы! Эми бул — кайгыга толгон узун кеп. Дагы да сүйлөшө жатарбыз, үшкүрүк тоо жарып…

Баратбай Аракеев