Домой Саясат Өмүрбек Текебаев: Келдибеков бүтүндөй Кыргызстандын башын айланткан

Өмүрбек Текебаев: Келдибеков бүтүндөй Кыргызстандын башын айланткан

175

Өмүрбек Текебаев

Жогоруда тизмектеген мүлктөр 10 млн. сомдук айып пулду 10 миң эселеп жабууга жетери талашсыз. А.Келдибеков “колу менен кылганын мойну менен тартышы” керек эле. Бирок, биздин “гумандуу соттор” аны 10 млн. сом менен гана “кести”.

Деген менен, анын күнөөсү далилденгенин “атамекенчи” Өмүрбек Текебаев сот отурумунда билдирген. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин Москвадагы атайын өкүлчүлүгүн ачуу максатсыз жана регламентти одоно бузуу менен кабыл алынган.

— “Мен 25 жылдан бери парламенттемин жана мындай чечимди жасалма жол менен өзгөртүлүшүн биринчи жолу көрдүм. Абсолюттуу түрдө башка токтом. Март айында маселени көтөрүп, депутаттык комиссия түзүп, анан токтомду токтоттук”, — деген Текебаев атайын өкүлчүлүктү ачуу боюнча чечимдин жасалма экенин эч ким байкабаганын баса белгилеп, өкүлчүлүктө иштей турган адамдар Москвада эмес Бишкекте жашашканын, алар жөн гана айлык акы алып жүргөнүн кошумчалаган.