Домой Саясат Бабановдун “шестёркасы” Кубат Болотканов зөөкүрбү?!

Бабановдун “шестёркасы” Кубат Болотканов зөөкүрбү?!

167

Кубат Болотканов

Окурмандардын ээсине: “Чагылган” сайты 21-февралдан тартып Кыргызстандагы сайттардын катарынан орун алып, сапар тарткандан баштап, айрым маалымат каражат булактарына окшоп, орто жолдо өзүнчө быкшыбай,  бийликке да, оппозицияга да жан тартпай, негизги чындыкты чындыктай чагылдырып келатат. Элдин үнүн, элдин талабын чагылдырып жатат десек аша чаппасбыз. Бул макаланы жазууга “Чагылганга” 22-февралда жарыяланган  “Бабановдун Кубат Болотканову агитаторлорго эмитен акча таратып…” деген аталыштагы  эч жерге жарыяланбаган, эл билбеген “ысык” маалыматы себеп болуп турат. Саясат кайнап турган, ушундай чалкеш заманда, чиновниктер элдин байлыгын карактап, шайлоо сайын асмандагы айды алып берем дешип, анча-мынча акчага алдап турган чакта, андай маалыматка эч ким кайдыгер карабайт эмеспи. Айтор, ачылганына бир күн гана болгон сайтка чыккан маалымат башка сайттарга, гезиттерге чагылгандай тарап, анан элге тарап, аны окугандар Болоткановду бир ирет боктоп, жерге түкүрүнүп алышкан эле. Маселен, “Ачык саясат” гезити Болотканов тууралуу ал маалыматты (аягына КТРКдагы Кубат мырзанын куулук-шумдугу тууралуу бир аз кошумчалоо менен), 27-февралда чыккан санына басты эле, андан алып, өздөрү эч нерсе жазбаган, болгону гезиттердин, башка сайттардын мыкты макала-маектерин уруксаты жок эле, айрым кезде туура эмес которушуп, элге жайылтып жан багып келаткан “Гезиттер орг.”  сайты баса калып, орусчага оодарышты. Кийин бул жаңылыкты “Багыт” баштаган бир катар гезиттер, сайттар да кайталап басышкан. Ал эми социалдык тармактарда да кызуу талкуу болгон. Мына ушул кыска маалыматтын аягына автор деле коюлган эмес. Аны “Чагылган” менен кызматташып жүргөндөр, Болотконовдун мындай болбогон, көңүлгө толбогон иштерин жакындан билгендер жазышкан десек болот. Чоң макала болсо, албетте автор коюлат. Майда маалыматтарга коюлбай, алар басылманын, же сайттын атынан кете берет.

Кыскасы, өзү тууралуу ал маалыматка Болотканов катуу кызаңдап,  чын чычалайт болуп катуу чычалаптыр да, түз эле ал маалыматтын автору мени кылып, менин телефондорумду сураштырып, сурданып жүрүптүр. Анысын кайдан билейин, өткөн жуманын 6-күнү КырДрамда жаш акындардын алп акын Ашыралы Айталиевдин  90 жылдыгына арналган айтышына барып калып, мен ага өзүм бетме-бет жолугуп калдым. Кире бериш эшиктин оозунда досу менен туруп калыптыр, адам экен деп кол сунуп учурашсам, ал дароо мени көрүп өңү бузулуп, оозунан ак ит менен кара итин агытып баштаса болобу?

 

Шамшыке сенин атаңды өлтүрдү беле?!

Айтышка келип, руханий байлык топтоп кетейин деп көңүлдүү келаткан жаным, мен анын андай мамилесине түшүнбөй да калдым. Көрсө, ал эргулуң жогоруда айтылган алгач “Чагылганга”, анан бир топ маалымат каражаттары аркылуу жалпы коомчулукка тарап кеткен өзү тууралуу жаңылыкты “Сен эле жаздың, сеники өттү, Шүмшүкеев” –дейт. Менин анын мындай орой мамилесинен мурун, чоң атамдын ысымын кайдагы бир атка алмаштырып, 41 жыл мурун өлгөн ал кишинин арбагына каратып туруп, акарат келтирип жатканына жиним кайнады. Алгач сабыр кылып: “Мен жазганымды көрүп турдуңбу, же аягында автору турабы, далилиң барбы”-десем, оозуна алы келбей андан ары эркектерге гана ээнчилүү, эң жаман сөздөр менен ашатып баштады. Мен да анын мындай зөөкүрдүк мамилесине чыдай алган жокмун, анын үстүнө чоң атамдын арбагына шек келтирип жатса, жөн турмак белем, ал кандай ашатса, мен да ашаттым. “Сен дебе, пацан, мен 40тан аштым” –дейт. Экөөбүздүн жаш айырмабыз анчалык деле чоң эмес. “Пацанды” тапкан экен ал, Бабановдун “шестёркасы”. “Пацан” болсо, ал  өзү Бабановго “пацаныдыр”. А, мен эч кимге “пацан” эмесмин. “Пацандык” курактан өткөнбүз эчак.

Кубат мырза (эгер мырза дегенге татыктуу болсоң) маа десең 40 эмес, 80ден аш, сенин чоң атамдын арбагына шек келтиргенге, менин досторума ошентип айтканга андай акың жок?! Же, менин чоң атам Шамшыке атаң Болотканды өлтүрдү беле? Же мен анын атасына шек келтирип жатамбы? Шамшыке эл катары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кийин колхоздун жумушунда ак жана так иштеп,  8 уул-кызды өстүрүп-тарбиялап жатканда, капилеттен акка моюн сунган. Ал болгону бул жашоодо бала-бакырасынын жыргачылыгын, урмат-сыйын көрбөй 53 гана жыл гана жашап кеткен Жараткандын жазыксыз пендеси! Андыктан, чоң атамдын арбагына эч кимдин шек келтирүүгө, анын атын эч ким ар кандай кылып бурмалоого эч кандай акысы жок! Ошентип, экөөбүз бир нече мүнөт сөгүштүк,  улуумун, кыйынмын дегенсип, мени алка-жакадан алды, мен да жооп кылдым. Экөөбүздү ажыратып, ортого түшкөндөр болду. Мен айттым: “Сага салыштырмалуу 100 эсе тазамын, сендей булганган эмесмин, сенин элге чыга элек былыгың дагы толтура”-деп. Бул сөзүмө жооп берем. Менин башкалардай алдым-жуттумдугум жок. Карманганым калыстык, коррупционерлерди, эл душмандарын далилдер менен катыра сындап келем. Мындай позициямдан тайбайм! Ошол жерде, эл болбогондо экөөбүз тең бозала болуп, жерге оонап, муштум кезешет белек, ким билет! Ага жеткен жокпуз, мындан кийин деле жетпей эле коёлу. Бирок Болотканов мындай зөөкүрлүгүн дагы карматса, өзүнө эле жакшы болбой калат…

 

Редакцияларды түтүнмө-түн кыдырып, акча таратып жүрчү…

Аны зөөкүр дегенимдин себеби ушул. Адам болсо, адамча салам берип жатканда, адамча алик алып, иштин чоо-жайын акырын түшүндүрсө болот эле го, ашата сөкпөй, арбакка асылбай, алка-жакадан албай. Же ошончо 20 күндөн бери “Чагылган” жазган өзү тууралуу маалымат жалган болсо демократия жолу менен сотко бербейби? Өзүнүн актыгын, андай ишке барбаганын, агитаторлорго акча таратпаганын сотто далилдеп албайбы? Деги эле кайсы келесоо ишенет, ушул бөрү заманда, шайлоого аттанган, депутат болчу, Президент болчу талапкерге бирөө-жарым акчасы жок агитатор болуп иштеп береби? Бул деген кызылдай жомок да. Дегеним, Болотканов деле шайлоодо, шайлоого чейин килейген “Учкундун” гендиректору болуп турган чагында, (ага чейин да) башка киши таппай калгансып, же журналисттерге кадырын салып, аз төлөөнүн амалын кылыппы, айтор өзү жалгыз орус-кыргыз гезиттердин, сайттардын, ТВлардын редакцияларын түтүнмө-түтүн  кыдырып, Бабановдун жаманын жашырган, жакшылыгын ашырган макалаларды жазып келип, аны жарыялоо үчүн акча таратып жүрчү. Албетте, шайлоо учурунда мындай көрүнүштү кыйын чыкма, акчалуу партиялардын баары эле жасашат. Бирок, Болотканов ашыкча кетип  мындай көрүнүштүн негизги эмблемасына айланды го чиркин. Мен да күбөмүн, анын мындай  өзгөчө “өнөрүнө”.  Муну журналисттердин басымдуусу, ал тургай саясатчылар да эң жакшы билет. Бир учурда дал ушул редакцияларга түтүнмө-түтүн акча таратып жүргөнүн чоң саясатчы Өмүрбек Текебаев да айтып, катуу сындап чыккан. Мына сага, далил. Анан шайлоого аттанган кишинин 40 агитаторго акча таратканы “ерунда” болуп калат да, туурабы?

Негизи эле, мен Кыргызстандагы көп саясатчыларды ишине жараша катуу сындап жазып келатам. Аны көпчүлүк окурман жакшы эле билип калды. Буга чейин Болоткановдун болбогон иштерин эки-үч ирет жазгам. Маселен,  “Кош, Ала-Тоо, Эркин –Тоо кетти, жемкорлорго” деген көлөмдүү макалам алгач, “Фабулага”, кийин бир аз толукталып “Багытка”, сайттарга чыккан. Анда Каныбек Иманалиев менен Кара-Балта мэри Данияр Шабдановдун “Эркин-Тоо” басмаканасын кантип мыйзамсыз жолдор менен басып алганын баяндагам. Ал ишке Иманалиевдин жакын санаалашы Болоткановдун да салым кошулганы учкай жазылган. Бирок толук берилген эмес.

Чынында, анын былыктарын мен эле жалгыз жазганым жок. Өтө көп журналисттер жазды. Маселен: “Фабула”, “Де-факто”,  “Майдан”, “Искра”,  “Ачык саясат”,  “Азия ньюс”,  “Мекен -Инфо”, “Багыт” баштаган бир топ гезиттер, алардан алып жарыялашкан, өздөрү да  кошумчалап жазышкан толгон-токой сайттар да бар. Радио-ТВларды айтпай эле коёлу. Же Болотканов ошол гезиттердин, сайттардын редакторлору менен жакалашып сөгүшүп көнүп калган кургурбу?! Чынында Болотканов кылган иштери үчүн мыйзам алдында жооп бере турган адам. Анын былыктарын укук коргоо органдары бир аз эле чукуп койсо, “бур” этип, каңылжаарды жармак… “Учкунду” тейлеп тургандагы тетири иштери көп жазылды, көп айтылды. Бир да укук коргоо органы кыймылдаган жок. Анын ишмердүүлүгүн “Учкундун” мурунку жана кийинки жетекчилери да эң сонун билишет. Бирок алар да эмгиче ооз ачпай келишет.

Айбек Шамшыкеев