— Нарынбек мырза, Текебаевдин камалышы тууралуу бийлик дагы, оппозиция дагы өз ойлорун айтышты. Бул маселе боюнча сиздин пикириӊизди уксак…
— Биринчиден элге эле кыйын болуп жатат. Эл негизинен ушуларды ревоюлционерлер деп абдан катуу ишенген да. Эл 2010-жылдагы революцияны: КСДП, “Ата Мекен” жана “Ак шумкар” партиялары жасады деп билет. Чынында эле бул партиялардын эски бийликти кулатууга чоң салымы бар. Мындай да: “Революцияны абдан кыйын кишилер пландап, демилгелеп чыгат, ал эми аны жасагандар орусча айтканда энтузиасттар жасашат. Кийин бийликтин пайдасын көргөндөр акмактар болот.” Бул сөздү мен айткан эмесмин. Муну Островский деген айткан. 2010-жылдагы революцияны негизинен эл жасады да. Ак үйдү алып жатканда кайсыл жакта эле. Керек болсо, бири дагы ал жерде болгон эмес, билебиз да. Эртеси эле, автор болуп чыга келишти. Туура, жогоруда айттык, салымы чоң. Бакиевдин бийлигине ачыктан-ачык каршы чыгып, апрель, ноябрь митингдерин чоң деңгээлде уюштурушту. Керек болсо, ошол ноябрь митингинде алып коймок. Кыскасы, жогоруда айткан үч партия революциянын автору болуп чыга келишкен соң, аягына чейин бирге болушу керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Сариев өзү кызматта иштеп жүрүп, акыры сүрүлүп калды. Ал эми Атамбаев менен Текебаев ушул кезге чейин каалаган саясатты жүргүзүшүп, каалаган адамды кызматка коюп, каалаганын кызматтан алып келишти го. Экөөнүн алдына кайсы саясатчы чыкты? Эч ким чыккан жок да. Кыргызстанда ошол экөө гана чоң саясатчы болуп турушту го. Муну элдин баары билет. Анан ушу маалда экөө ажырашып кеткени элге эле кыйын болду. Эл эми кайсы революционерге ишенет? 7 жылдан бери эмне деген гана саясый окуялар болбоду? Ким ага жоопкерчилик алды?! Эч ким алган жок. Мен Текебаевди таза деп айта албайм. Ал да бир топ иштерге аралашты да. Күнөөсү бардыр. Мисалы, БНК боюнча эмнесин жашыралы. Ал жерге Сайдулла Нышановду жетекчи кылып алып барган. Ал компаниянын баа саясаты, сатылышы боюнча да күдүк суроолор бар да. Ушуга окшогон иштерди мисалга тартсак болот. Алар өз ара бийликтеги майлуу кызматтардын баарын бөлүп алышты го. Маселен, бирөө Бажы, бирөө Транспорт министрлигин, бирөөсү “Кыргызнефтигазды”, дагы бирөөсү Көлдөгү бир топ пансионаттарды басып алды дегендей. Өзүң билесиң, бул жөнүндө сөз өтө узак…
— Маевский тууралуу эмне айтасыз?
— Маевскийден Текебаевдин акча алганын билбейм, андыктан бир тараптуу айта албайм. Бирок “От болбосо, түтүн болбойт” –деген кеп бар. Ошол эле учурда Маевскийдин атагынан чатагы арбын, таза эмес адам экенин баарыбыз окуп билдик. Эмне үчүн ал 7 жылдан бери бийликке кайрылбай, так ушул Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси бузулганда кайрылды? Бул жерде да элге ачыкка чыкпаган сыр жатат. Текебаев балким чоң кылмыш жасагандыр. Бирок аны үй камагына камап койсо, коомго эч кандай деле зыяны жок болмок. Бул сөздү мен эле эмес баары эле айтып жатышат. Көрдүк го, 7 жылдан бери, канча деген саясатчыларды камады, бирок бат эле ар кандай жолдор менен бошотуп жиберишти. Мына ушундан кийин кимге, кайсы ишке ишенебиз? Мезгил көрсөтөт, кимдин ким экенин. 5 жыл түрмөдө олтурган Кулов деле акыры эркиндикке чыккан. Текебаевдин ишин сөзсүз сотко жеткирүү керек. Ал деле бир күнү эркиндикке жетет. Анан кайрадан өч алуу маселеси да башталат… Бизге ушунун баарынын кереги бар беле? Кокодон тойдук го, саясатыңа да, митингдерге да. Албетте, эч кандай кереги жок болчу. Азыр митингди эмес, саясатты эмес, стабилдүүлүктү, экономиканы терең ойлоп, тынымсыз иштей турган учур да.
— Президенттик шайлоо 19-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу эмне айтасыз?
— Эң эле биринчиден айтарым тынччылык менен таза өтүп кетсе болду. Элибиз ал күнү эң татыктуу талапкерди тандап алса экен деп Кудайдан тилеп жатам. Менин эл башчысы, аны тандоо, элибиздин ага болгон көз карашы тууралуу айта турган өзүнчө кебим бар. Ал мындай: кыргыз эли эзелтен эркин эл болгон. Уруу-уруу болуп жашашкан. Өзүлөрүнүн кокту-колот, сай-сайлары, мал –жандыктары болгон. Саяктар өзүнчө, сарбагыштар өзүнчө, моңолдор, солто, бугулар өзүнчө дегендей. Бул чоң уурулардын ичинде да майда урууларга бөлүнүп кетет эмеспи. Ошондой болсо да, аларда туугандык деген сезим өтө күчтүү болгонун билебиз. Баары тең тоо-ташта ат менен эркин жүрүп, эч кимге баш ийишкен эмес. Хан көрүшкөн эмес. Аларга бирөө үстөмдүк кылып: “аны жаса, муну жаса” деген ашкере башкарууну эч качан жактырышкан эмес. Мына ушул нерсе азыр да өз күчүндө каныбызда сакталып турат. Буга эки жолу чектен чыккан эл жетекчилери Акаев менен Бакиевди кубалап чыкканыбыз эң сонун мисал болуп бере алат. Орустар деле 1990-жылдардын башында бийликти алабыз деп Ак үйүн танка менен аткылашып, ала алышпай койгон. Казактар болсо, 1980-жылдардын аягында “Жел токсонду” уюштурушту. Кийин, чукулда эле, Назарбаевди кетиребиз деп, чамынып, анча-мынча митинг кылышат, бирок эч кандай максатына жете алышкан жок. Өзбекстан деле бийликке каршы чыгып, Анжиянда көтөрүлүш болду. Бирок бийлик аларды басып койду. Тажикстанда жылдап граждандык согуш жүрдү. Кыргыз эли болсо 10 жылдын ичинде каалаганын жасады. Биринчи болуп кыргыз эли парламенттик башкарууга кадам жасады. Бул кадамыбызды биздин кошуналарыбыз сүйгөн жок. Ошол эле Кытай, ошол эле Казакстан, ошол эле Өзбекстан, Тажикстан, Орусия. Буга бир мисал өзүнчө. Биздин Президентибиз 2010-жылы аял болгондо да катуу таң калышкан. Кантип эле кыргыздар аял кишиге баш ийет дешип. Себеби, Азияда аялга баш ийбей, аялдар элди башкарбай келишкен да. Дагы эле болсо, бул жагынан биз биринчи болдук. Башка өлкөлөрдө бийлик атадан балага калып жатат. Алыс барбайлы, Тажикстандын ажосу балдарын бийликке алып келип жатат, жакында эле 30дагы баласын борбор шаардын мэри кылып салды. Азербайжандын президенти бийликти атасынан алса, эми өзү бийликте туруп, аялын вице-президент кылып алды. Түркмөнстанда деле ушундай. Бизде деле ушундай болгон. Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөсү бир аз эле бийликке кийлигишти эле, акыры элден куулуп калышты. Кыскасы, демократия деген биздин өлкөдө тамырын терең жайды. Мына ушул маселени алдыдагы шайлоодо да дагы дүйнө элине татыктуу көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм.
Черчилль: “Демократия – бул коомду башкарууда эң эле жакшы форма деп айтууга болбойт, бирок адамзат мындан жакшы форманы дагы эле ойлоп таба элек”-деп айткан. Ошон үчүн баарыбыз демократияга умтулуп жатпайбызбы.
— Парламенттик башкаруу дегенибиз менен, 120 депутат, мамлекетибиз үчүн эң эле көп болуп жатпайбы. Эл анча депутатты каалашкан жок. Бул боюнча да омоктуу ойлоруңуз болсо керек…
— Туура айтасың. Биз обу жок эле Баш мыйзамды өзгөртө берсек, анда мамлекетте хаос жаралат. Чет мамлекеттен инвестор келбей, эч кандай мамиле болбой, өзүнчө бөлүнүп калган мамлекеттей болуп калабыз да. Бирок ошол эле учурда Баш мыйзамды таптакыр өзгөртпөш керек деген да туура эмес.Анткени, эл колдоп турса, заман талабына жараша өзгөртүп туруу керек. Мына, жакында эле Баш мыйзамыбыз өзгөрдү. Бирок эл күткөн нерсе кошулбай калбадыбы. Парламенттеги 120 депутатты азайтып, 70 кылып койсо, ошол эле бизге жетмек. Бюджеттен да миллиондогон сомдор үнөмдөлмөк. Мен канча жыл депутат болдум. 120 эң эле көптүк кылат. Элди кой, ошол 120 депутат биз бири-бирибизди жакшы таанычу эмеспиз. Кээ бирөө келсе келет, келбесе жок. Мисалы, аз күн мурун. Текебаевдин кайрылуусун окутпай койгон күнү болгону 44 депутат келиптир. Анын 11и каршы болсо, 30у макул болуптур. Качан көрбө, ашып кетсе 40-50дөй эле депутат келет. Негизи эле, азыр Жогорку Кеңеште Баш мыйзамды одоно бузуулар көп эле орун алып жатат. Бир эле мисал , партия чечет деп эле, каалаган кишисин депутат кылышып, каалаганын кетирип жатышат. Эми депутаттардын ишмердүүлүгүнө мен катуу сын айтпай эле коёюн. Себеби, мен айтсам, катуу айтам, анан: “мышык майга жетпей жатып, сасык дейт”-деген сөздү мага карата айтышы мүмкүн да. Ансыз деле депутаттардын деңгээлине бааны эл эң сонун берип жатышат, аны угуп эле жатпайбызбы. Чындап эле депутаттарды бардык мезгилде эч ким сүйгөн эмес. Кийин бир топ жылдар өткөн соң, ошол чакырылыш мыкты болгон жатпайбы. Маселен, легендарлуу парламентти мыкты дейбиз. Аны деле убагында жаман көрүшкөн. Бирок азыркыга салыштырмалуу ал чакырылышка эл кадырлаган мыкты инсандар шайланышкан да.
— Жогоруда экономика маселеси боюнча учкай айтып өттүңүз. Ушул маселени тереңдетип сүйлөшсөк…
— Экономика маселеси боюнча мен дагы бир көз карашымды айтайын. Ушу тапта эң белгилүү экономист бар Карнай деген. Ал: “Экономиканын өсүшүн өлкөдөгү жакшы жагдайга, же жакшы кырдаалга байланыштырып, күтпөш керек. Экономикадагы жылыштарды кыйынчылыктар менен бирге алып кетүү керек ”- деген мааниде айткан. Эгерде биз экономика ошондо гана өсөт деп, жакшы жагдайды күтө берсек, анда экономика кылымдар бою өспөй тура берет. Мына жакында эле белгилүү болду. Кыргызстан дүйнөдөгү эң кедей 50 өлкөнүн катарына кирерибиз. Бул маселе оңой эмес, абдан эле кыйын. Биздин мамлекет кедей болуп жатат, бирок ичинде жашаган эл жаман жашоодо эмес. Керек болсо, биздин ичип жаткан тамагыбыз, ичип жаткан суубуз 100 эсе таза. Ооба, өлкөбүз экономкалык, социалдык жактан абдан эле начар. Ооруканаларды, жолдорубузду, мектептерибизди, бала-бакчаларыбызды айталы. Авиапарктын жоктугун ж.б. толгон-токой нерселерди айтсак болот. Мынчалык кедей болуп жатканын мен коррупциядан көрөм. Адам төрөлгөндөн баштап, өлгөнгө чейин коррупция болуп жатпайбы. Коррупция- төрөтканада, анан бала –бакчада, анан орто мектепте, анан ЖОЖдо, анан кызматка орношууда, жер алам десең ал жерде, ишкерлик кылам десең да, ал жерде, ооруканада, анан өлүп калсаң, Кудайдын белен, бекер эки чарчы жерин да асмандагы баа менен сатып жатышпайбы. Бажы, салык, ж.б. тармактагы коррупцияны айтпай эле коёлу. Биринчи ушундай элементардуу нерселерди иретке салбайлыбы. Мына ушуну менен аёосуз күрөшүү керек. Ал үчүн кичине мамлекетте – катуу тартип эле керек. Талапка ылайык тартип болсо, экономикада өсүш, мамлекетте өнүгүү болот.
Айбек Шамшыкеев