viagra without consultation uk.
Убагында Акаевдин жардамчысы жана маалымат катчысы болуп, кийин кайра оппозицияга өтө качкан, андан соң Курманбек Бакиевдин «Ак жол» партиясы аркылуу парламентке депутат болуп келген Кабай Карабеков учурда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун «короосунда» жүрү. Албетте, Карабековдун артында ээрчий турган электораты деле жок, же сөзүн уга турган салмактуу деле саясатчы эмес.
Бирок, ал Бабановго баары бир керек болуп турат. Кайсыл жагынан дейсизби? Ушак, имиштерди «учуруп» туруу жагынан. Бул жагынан Кабай мырза «профессионал» эмесп. Ошентип ал биринчи «өрдөгүн» учура коем деп атып эле торго чалынды. Болгондо да беш миллион сомдук торго. Эми аны Бабанов төлөп кутулса, бул «короодо» мындан ары деле ишин уланта берет, эгер Бабанов көндүм адатынча «пошел оо жакка» деп койчу болсо, таза шору куруду го.