Өткөн жылдын 17-сентябрында «24.kg» маалымат агенттиги Кабай Карабековдун орус тилиндеги «Визит в Сочи. Кремлю вновь обьяснят.Чем хорош преемник?» аттуу макаласын жарыялаган. Ал убакта президенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери жаңыдан гана башталган учур болчу. Мына ушул убакта президенттикке талапкерлердин бири болгон Бабановдун камчысын чаап жүргөн Карабеков атайылап эле анын башкы атаандашы Сооронбай Жээнбековдун кадыр-баркына көлөкө түшүрө турган жалган маалыматты тараткан.
Мына ушул жалган маалыматка байланыштуу кылмыш иши козголгон эле. Кече жакында эле Бишкек шаарынын Свердлов райондук сот аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн сот аткаруучулары «24.kg calcitriol 0.25 mg. » маалымат агенттигине карата козголгон ишти токтоткону белгилүү болду. Буга президент Сооронбай Жээнбековдун аталган маалымат агенттигинин редакциясынан моралдык зыян келтиргендиги үчүн компенсация иретинде 5 миллион сом өндүрүү талабынан баш тартып, ишти токтотуу өтүнүчү менен кайрылганы негиз болгон.
Албетте, мындай кадам – президенттин айкөлдүгүн көрсөтүп турат. Бирок, президенттин айкөлдүгү мындан ары деле жалган маалыматтарды тарата берүүгө болот дегенди түшүндүрбөйт. «Беш өрдөк» учурганды жакшы көргөн жазмакерлер мындан сабак алып, калпты чындай ышкыртуудан алыс болуп, фактылар менен иштөөгө өтүүсү керек. Сөз эркиндиги деген – жалган жазуу, ушак таратуу эмес. Сөз эркиндигинин артында жоопкерчилик деген да болот. Ошондо гана биз чыныгы демократияны өнүктүрө алабыз.