Качкын Бабановдун эки жылдан кийин Жээнбековдун бийлиги менен жең ичинде тил табышып алып, кайтып келиши жалпы коомчулуктун кыжырын кайнатып турат.
Жээнбеков шайлоо учурунда Бабановду балапанга теңеп, коррупцияга каршы күрөштү дал өзүнөн баштай турганын, ага коррупция боюнча 25 суроо бере турганын абдан баса белгилеп айткан.
Бүгүнкү күндө Жээнбеков 25 суроону бүт эле унуткарып, элге жалганчы болуп олтурат. Эки жыл ичинде Бабановго 25 эмес, 2 суроо да узатканга жарабады. Же куулугу башынан ашкан Бабанов саясатта тажрыйбасы аз, кыраакылыгы жок Жээнбековду оңой эле алдап койдубу? «Байлыкты көргөндө пайгамбар туура жолдон чыгыптыр» деген жакшы кеп бар. Миллиарддаган доллар байлыгы бар Бабанов балким, Жээнбековдун 25 суроосуна 25 «лимон» менен жооп кылып, дагы башка укмуш нерселерди убада кылгандыр.
Бул да эл ичинде айтылып жаткан кеп-сөздөрдүн бири. Айтор, Бабановдун кан төгүлүп жатканда, тарп аңдыгандарга окшоп жетип келиши, Жээнбековдун андайга жол бериши, УКМКнын жоопко тартылат деген кеби жерде калышы — жалпы коомчулукту козгоп, бийликтин бетине түкүрүүгө түртүп турат.
Багыт