Домой Коом Генерал Курсан Асановдун кайрылуусу

Генерал Курсан Асановдун кайрылуусу

45

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровго

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Өлкөбүздүн бүтүндүгү кооптуу абалда турат. Ушундай учурда мен, Асанов Курсан, мекенибиздин жоокери, офицери, милициянын генералы катары чекеде карап тургум келбейт. Чек ара конфликттерин чечүүдө, улуттар аралык жаңжалдарды токтотууда, каршы тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө топтолгон чоң тажрыйбамды элибиздин кызыкчылыгы үчүн, мамлекетибиздин бүтүндүгү үчүн иштетүүгө чын дилимден ынтызармын. Эгер мага тапшырма берилсе аны ар-намысым менен аткарам деп убада берем. Мекеним үчүн, элим үчүн жанымды аябай ак кызмат өтөөгө даярмын!

Генерал Асанов К.С.