Домой Саясат Текебаевдин кайрылуусу кезекетеги тастыкталбаган бет тырмактыкпы?

Текебаевдин кайрылуусу кезекетеги тастыкталбаган бет тырмактыкпы?

35

Коррупциялык аракети үчүн темир тор артында жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кезектеги кайрылуусу парламентке жолдоду.

Өмүрбек ТекебаевМуну  партиянын катчылыгы даярдаганбы же Текебаев өзү даярдаганбы, айтор, белгисиз. Өмүрбек Чиркешовичтин бул кайрылуусу буга чейинкилерине караганда көлөмдүү. Ал абакка “тыгылгандан” кийин өзүнүн ак экенине ишене турганын айтып жана “Сентябрдын” 3 кызын куттуктап 2 эле жолу кыска кат жолдогон.  

Текебаев бул жолку кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңешти “таратам” дегени – анын бийликте калуу аракети деп баалаган. Ал депутаттырды Жогорку Кеңешти таркатууга жол бербөөгө чакырып, өзүн эмес, мамлекетти, эл шайлаган жогорку органдын кадырын сактаганы үчүн парламентке ыраазычылыгын билдирген. Бирок, Текебаевдин мындай кайрылуусун парламенттин жыйынында окуп берүүнү суранган Алмамбет Шыкмаматовду кесиптештери колдобой койду.

Текебаев кайрылуусунда президентти бир тараптуу айыптап, аны келечекте премьер-министр болот деген божомолун айткан. Анын логикасына таяна турган болсок парламенттин кезексиз шайлоосу президенттик шайлоодон эрте өтөт экен.

Саясат таануучу Аркадий Гладилов Текебаевдин бул кайрылуусун “кезекетеги тастыкталбаган бет тырмактык” катары баалады. “Буга чейин деле Текебаев бийликти айыптап, тастыкталбаган далай маалыматты таратты. Бул деле кезектеги ушундай кадам да. Ал эми Алмазбек Атамбаев саясатта калабы, калбайбы аны эл чечет”, — дейт ал.

Мындан сырткары Гладилов Текебаевдин бул каты анын өзүнө да, партиясына да эч кандай жакшылык алып келбесин айтат. “Бул кат партияны же Текебаевди өзгөртө албайт. Кыргызстанда азыр Текебаевдин камакка алынышы негизги тема эмес. Эгер андай болгондо аны колдоп 100-200 эмес, 10 миңдеген адамдар көчөгө чыкмак. Өлкөдө башка маселелер деле көп”, — дейт ал.