Кытай 24-ноябрда Айга космостук аппарат жөнөтүп, ал ийгиликтүү конгондугун жана эки аптадан кийин кайтып келээрин кабарлаганбыз.
Кечээ, 6-декабрда Жерди аралыктан изилдөөчү “Гаофэнь-14” деп аталган оор спутник геостационардык орбитага ийгиликтүү чыгарылгандыгы маалым болду. Спутник «Чанчжэн-3Б» (Long March-3B, CZ-3B) ракета алып жүрүүчүнүн жардамы менен Сычуань провинциясындагы Сичан космодромунан учурулду.