Кадамжай районунун А. Масалиев айыл өкмөтүндөгү Кожо айылына 150 орундуу жаңы мектептин курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Салтанатка БДЖАсынын президенти Саид Баюми, Кадамжай районунун акими Исаков Ж. М. айыл тургундары, аксакалдары катышышты.
Мектеп алты класстык каана, мугалимдер үчүн усулкана, китеп-кана жана мүдүр үчүн атайын кабинеттери менен курулат. Мындан сырткары жылытуу системасы, керектүү эмректери, сырткы темир тосмолору, даарат канасы менен бүткөрүлөт. Кожо айылында 200дөн ашык түтүн жашайт.
Айыл тургуну Курсанали Сатыбалдиевдин айтымында, окуучулар 3км алыскы аралыктагы кошуна айылга жөө каттап окушат. Аба ырайы суук, ысык, шамал болгонуна карабай билим алуу үчүн жөө каттаган окуучулар үчүн жаңы имараттын курулуусу айыл тургундары үчүн өтө чоң кубанычтуу жаңылык болуп турат.
Жаштар Ассамблеясынын кызматкерлеринин айтымында мектеп келерки окуу жылына чейин пайдаланууга берилет. primatene mist for sale in canada.