“Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмеси калктын аярлуу катмары менен жана жаштар үчүн зарыл болгон ар тараптуу долбоорлордун үстүндө кеңири иш алып барат.
БДЖАсы Кыргызстанда 2000-жылдан бери коомдук социалдык иштерде активдүү иштеп келатат. Орточо эсеп менен жыл сайын 8 млн. АКШ доллары эсебинде гранттык каржыларды Кыргызстанга тартууда. Эң зарыл болгон социалдык муктаждыктарга басым жасалып аткарылып жаткан долбоорлордун баардыгы мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ишке ашырылат. Алардын арасынан эң маанилүү ири долбоорлор төмөнкүлөр.
Мектеп куруу:
Келечек ээлеринин сапаттуу билим алуулары үчүн жаңы мектептерди куруу ассамблеянын негизги багыттарынын бири. Быйылкы жылы Республика боюнча 4 мектептин курулушу аяктап колдонууга берилди.
Ысык-Ата районундагы Чолпон айылында жана Ноокат районундагы Гулистан, Бостон, Бел айылдарында 300 орундуу жаңы мектептер курулду.
Мектеп бир кабаттан туруп ички жана сырткы жасалгалары, жылытуу системасы, класстык эмеректери (парта, стул, доска, мугалимдер жана ашкана үчүн атайын эмеректер, ж.б.) сырткы темир тосмолору менен кошо толук бүткөрүлдү.
Ар бир салынган мектеп жергиликтүү бийликке муниципалдык менчик карамагына өткөрүлүп берилет. Ал жердеги окуу системасы жана кадр саясаты толугу менен мамлекеттин кароосуна тапшырылат.
Медициналык объекттерди куруу:
Акыркы жылдары эң актуалдуу долбоор катары медициналык клиникаларды куруу болууда. Мунун алкагында республиканын ар кайсы аймактарына 12 клиника курулуп анын ичинен төртөө быйылкы жылы курулуп мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилди.
Медициналык объекттер жайгашкан жерине, калктын муктаждыгына жараша аянты боюнча атайын стандартка ылайык ФАП (86м²) же медпункт ҮДТ (156м²) деп эки түрдүү болуп курулат. Мындан сырткары 1000м², 750м², 450м² көлөмүндөгү көп функционалдуу чоң клиникалар дагы курулуп калктын медициналык муктаждыктарын жеңилдетүү кызматында ийгиликтүү иштеп жатат.
“Таза суу” долбоору:
Адамзатка эң керектүү, өмүрдүн булагы болуп эсептелген таза сууну ар бир үйгө жеткирүү максатында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып жатат. Тагыраак айтканда жер астынан 20-60 метр тереңдиктен суулар чыгарылып, 700 скважина, 600 насос жана атайын суу түтүктөрү орнотулуп өлкөбүздүн ар кайсы аймактарына орнотулган.
Быйылкы жылдын эсебинде 21 жерге суу долбоорлору каржыланып, 7км жерге суу түтүктөрү орнотулган. Нарын районундагы Орто-Саз айылына 1,5км, Сузак районундагы Достук айылына 2 км, Талас облусу Үч-Булак айылында 1 км, Ноокат районунун Ынтымак айылы 1км. аралыкка 90, 75, 63 диаметриндеги суу түтүктөр орнотулду.
Сузак районундагы Таш-Булак айылындагы эски скважинаны бүтүндөй жаңылап атайын ЭЦВ-8-25-100 үлгүсүндөгү суу мотору орнотулду. Ага кошумча кабелдери менен калкагычтары дагы жаңыланып ишке берилди. Баткен районунун Айгүл-Таш айылына союздан калган скважиналарды оңдоп түзөп жаңы суу моторлору орнотулуп жанына 5м. бийиктиктеги 2т. суу сактагыч бочкалар тургузулду.
Республикадагы көптөгөн ооруканаларды, бала-бакчаларды, мектептерди ж.д.б.у.с. социалдык коомдук мекемелерди таза суу менен камсыздандыруу негизги багыт болуп саналат.
Атасыз балдарга колдоо көрсөтүү:
Тагдырдын оор сыноосу менен атадан эрте ажыраган балдарга материалдык, медициналык жана билимин жогорулатуу жагынан кам көрүү БДЖАсынын негизги бутагынын бири.
Азыркы учурда 1500 баланы ай сайын жөлөк пул менен камсыздоодо. Алар ай сайын 1700 сомдон жөлөк пул, кышкы жана жайкы мезгилге ылайык кийимдер, мектеп окуу каражаттары менен камсыздандырылып жана квартал сайын медициналык көзөмөлдөн өткөрүлүп турушат. Ар бир бала жөлөк пул алаарда сөзсүз таттуу белектерди да алышат.
Атадан эрте ажыраган балдарга жылмаюу тартуулоо эң маанилүү иш!
Азык түлүк:
1100 баштык азык түлүк даярдалып жакыр жашаган үй-бүлөлөргө таратылды. Кайрымдуу баштыкчасы 25кг гурүч, 25кг ун, 10л суу май, 10кг макарон, 5кг кум шекер, 2кг печенье, 1 л томат пастасы, 1 куту чай, ж.б.у.с. тамак-аш азыктары менен толукталды.
Курман айт майрамына карата 10 тонна бодо мал жана кой эттери жакыр жашаган жарандарга берилди.
Рамазан айында жыл сайын орозо кармаган жарандарга ифтарлыктар уюштурулуп 7 миңден ашуун мусулмандарга дасторкондор жайылды.
Мындан сырткары Нарын облусунун эң суук, алыста жайгашкан айылдарына 50 тонна көмүр муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.