Жалаң гана акчанын жетегинде калып, башка жөн-жайыбыздын баары анын төө бастысында калган кезде, биринчи иретте, колунда барлар “ит” болот экен. Сурап-билсеңиз, азыркы депутаттардын бир тобунда үй дегени жок, машина дегени жок, ресторан дегени, сауна дегени, пансионат дегени, мал-салы, сарай-парайы… анан ойношу да жок. Жок жана жок. Кээде туруп “жоголуп кетер күнүңөр кана” дегенди айтып калабыз… Өздөрү аман болсун, дүйнөсү жок болсун дейли!
Жогорку Кеңештин кызматтык үйлөрүндө жашап жаткан КСДП партиясынан: Анвар Артыков, Карамат Орозова, Сайдолимжан Жураев, Ильхом Маннанов,Жанар Акаев, Дастан Бекешов, Евгения Строкова, Кыянбек Сатыбалдиев,Ашера Халикова, Айнура Алтыбаева, Нодирбек Каримов, “Өнүгүү-Прогресстен” — Мирлан Бакиров, Абылкайыр Узакбаев, Тынчтык Шайназаров, “Кыргызстандан” — Алмазбек Токторов. Кыскасы, парламенттин кызматтык батиринде жашап жатышкан 16 депутаттын 12си КСДП фракциясынан экен.