— Президенттикке талапкер Темир Сариев жакында өзүнүн программасы менен тааныштырып жатып, азыркы парламентте коррупционерлер, керт башын ойлогондор отурат дегендей кеп айтыптыр. Ал “өлкө башчылыгына келип калсам Жогорку Кеңешти коррупционерлер менен керт башынын кызыкчылыгын гана ойлогондордон тазалайбыз” дейт. Сиздер бул сөзгө баа бересиздерби? okpillbest.
— Мен эми бирөөнү “ал коррупционер же коррупционер эмес” деп айта албайм. Бирөөнү антип айтыш үчүн кандайдыр бир негиз болуш керек. Маселен, Темир Сариевдин айткан мындай сөзү жеке мага тийбейт жана мен ага көңүл деле бурбайм. Мындай пикири үчүн керек болсо айрым эл өкүлдөрү аны сотко да бериши мүмкүн. Ал эми өлкөбүздөгү коррупционерлер четинен кетип, жазаланып, айрымдары соттолуп жатышпайбы. Анан эле соттун чечими жок эле депутаттарды жалпы атап, баарысын коррупционер деп аташтын өзү туура эмес.
— Темир Сариев коррупцияга шектелгенде премьер-министрликтен кетирдиңиздер эле. Мындай шартта парламент өкүлдөрүнө карата бул киши ич күптүсүн чыгарып жаткан жокпу?
— Андай да болушу мүмкүн. Бирок, негизгиси бул кишинин президенттик шайлоо алдындагы пиары го деп ойлойм. Тагыраагы, эл алдында өзүн көргөзүп “мен тазамын” дегендей көкүрөк какмайы болсо керек.