Чуусу Чубактын кунундай чубалжып келаткан «Кумтөр» маселеси Кыргызстандын кызыкчылыгына чечилүүдө. Буга кыргыз өкмөтү менен «Центерра» компаниясынын ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөр, жетишилген макулдашуулар мисал болуп бере алат.
Мына ушул жагдайлар тууралуу 12-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Сапар Исаковдун жолугушуусунда айтылды.
Өкмөт башчынын айтымында Өкмөт менен «Центерра Голд Инк» компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Кумтөр» долбоору боюнча экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн шарттар түзүлүүдө жана экологиялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууларга жетишишкен. Жаңы кол коюлган келишимдердин натыйжасында өлкөбүзгө 200 миллион доллардан ашуун каражат келери да белгилүү болду.
Премьер-министрдин берген маалыматтарын уккандан кийин президент Алмазбек Атамбаев «Кумтөр» долбоору боюнча улуттук кызыкчылыктарды коргоо зарылчылыктарын белгилеп, «Өкмөт «Кумтөр» ыплас саясый оюндардын предметине жана туруксуздуктун факторуна айланбастан, мамлекеттин жана анын жарандарынын кызыкчылыктарына натыйжалуу иштеген чыныгы экономикалык долбоор болушуна жетишүүгө тийиш», — деген пикирин айтты.
Ооба, чындыгында узак жылдар бою бул долбоор түрдүү саясый оюндардын, шайлоолордун алдындагы популисттик билдирүүлөрдүн куралына айланып келди. Айрымдар дал ушул маселе менен өздөрүнүн саясый кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууну да көздөштү. Бир канча убакыт «Кумтөр» — өлкөдөгү саясый туруксуздуктун да факторуна айланганын тана албайбыз. Бирок, саясатчылардын ары-бери тартышканы менен маселе оң жагына чечилбей тургандыгына күбө болдук. Андыктан кыргыз өкмөтүнүн тынчтык жолу менен, сүйлөшүүлөр менен жаңы ийгиликтерге жетишкени – бул жакшы саамалык болуп туру. «Кумтөрдү» кандайдыр бир саясый топтордун кызыкчылыгындагы куралдан оолактатып, аны өлкөбүздүн экономикалык кызыкчылыгына гана биротоло бурсак, ал сөзсүз өз жемишин берет.