Домой Коом Анвар Артыков: Төлөгөновдун мародерчулукка катышканы боюнча конкреттүү фактылар болгон…

Анвар Артыков: Төлөгөновдун мародерчулукка катышканы боюнча конкреттүү фактылар болгон…

28

Анвар Артыков

Анвар мырза, УКМК Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду 28-мартта камакка алды. Анын мародерчулкка катышканы далилденгени айтылууда. Буга чейин ИИМ аталган ишти УКМКга өткөрүп бергени кабарланган эле. Эми эл күтүп жаткан мародерчулук чуусуна чекит коюлабы?

— Чынында Райкан Төлөгөновдун мародерчулукка катыштыгы боюнча далилдерди Аида Салянова менен Кубатбек Ноорузбаев таптакыр эске алган эмес. Керек болсо жашырган. Р.Төлөгөнов боюнча конкреттүү фактылар болгон. Ошол учурда ведомстволор аралык тергөө тобун Кубатбек Ноорузбаев жетектеп турган. Ал ошол кездеги Башкы прокурор Аида Салянова менен ишти жапкан. Эми иш кайра козголду. Ушул жерден белгилеп кетүүчү жагдай, аталган иш жабылган эмес. Ал болгону токтотулган.

— Сиз парламентте мародерчулук боюнча убактылуу түзүлгөн комиссиянын мүчөсүсүз. Сиздердин жумуш аяктап калдыбы?

— Биздин комиссиянын иши жыйынтыкталып калды. Учурда айрым редакциялык маселелер боюнча кеңешип жатабыз. Комиссиянын мүчөлөрү кол коюп жатат. Жакынкы күндөрү жыйынтыкты жарыялайбыз.

farmacy online. — Мародерчулукка тиешеси бар делген Болот Шер, Туратбек Мадылбековдун да камакка алынары айтылууда. Буларды жоопко тартуу керекпи?

— Анын баарын тергөө аныктайт. Күнөөсү болсо ким болбосун жоопко тартуу керек.