Легендарлуу инсан Муратбек Мукашевдин жолун жолдогон Жаныбек Абиров. Бишкек шаардык кеңешинин “эки тизгин, бир чылбырын” Жаныбек Абиров колго алганы иш жанданып, жаш кадр шаарлыктардын купулуна кадимкидей толуп келатканы баарыбызды кубандырууда. Дүбүртү катуулаган мындай кадрга карата орто жолдон бийликтеги көркоолор чыга калып, буттан чалууга киришкени кайсы логикага сыят? Баарынан кызыгы, ушул күндөрү Жаныбек Абировго карата укук коргоо органдары “айлык-акыны көбөйтүп алган” – деген күлкү келээрлик жарлык менен баткак чачууга киришишти. Логика болбосоң куруп кал! Биздин каарманда Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы катары андай ыйгарым укук жок экени, депутаттар тобу коллегиялык орган экенин, кандай гана иш болбосун жамаат менен чечилерин азыркы бийликтин ойрондору билишпейби? Чечмелебей эле коелучу. Ток этери, бүгүн Жакебизге карата кара пиар, көө жабуу башталды. Аныгында Абиров шаардык кеңештин төрагасы катары алган маянасын өзү албастан, жардамга муктаж жарандарыбызга таратып келгени, колунда бар, тектүү жердин кулуну катары калктын аярлуу катмарынын ажаатын ачып жүргөнүн кайда катат элек? Кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы катары легендарлуу Муратбек Мукашев да айлык маянасын өзү албастан, муктаждарга таратып, калктын аярлуу катмарын жөлөп-таяган жагынан үлгү болсо, бүгүн Жаныбек Абиров мындай миссияны жаштыгына карабай аркалап жатканы кимди кубантпай койсун? Албетте, каарманыбыздын чындап күнөөсү болсо эч качпастан, мыйзам алдында жооп берет деңизчи. А андай болбой, куру көө жабуу болсочу? Анда Кудай бар! Кызыгы, өсүп келе жаткан, колунда бар, жаштыгына карабай бизнестин миң сырлуу катмарын өздөштүрүп, андан тапкан олжосун битиребей, элге-журтка арнап келе жаткан мындай кадрга бут тоспостон колдоп албайлыбы? Саясаттагы жаштар тургай, үлкөндөргө да үлгү болуп келаткан каарманыбызды тизеге чаап, кай муратка жетебиз? Улам келген бийлиги “кыргызды кыргыз өзү жейт” – таамай кебин ажарына чыгара бериштен арылышпайбы? Ушинтип отуруп түбүңөр түшүп кетээр бекен?