Домой Маек Алмазбек Каримов: Бабанов максатына жетүү үчүн шайтан менен жолукканга да даяр, Назарбаевге...

Алмазбек Каримов: Бабанов максатына жетүү үчүн шайтан менен жолукканга да даяр, Назарбаевге чуркап барганы кыргызды чөгөлөткөн менен барабар

49

Бабанов Казакстанда

— “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуптур. Сиз шайлоо астындагы бул жолугушууну кандай баалайсыз?

— Бабанов муну менен кыргыздын идентификациялык эркиндигин, көз карандысыздыгын сатып жатат. Кыргызды чөгөлөтүп, башка элдин алдында кул кылгысы бар. Буга чейин ал Владимир Путинге  да чуркап барганда Россиянын президенти кабыл албай койгон экен. Эми Назарбаевге чуркап барыптыр. Булардын максаты бизнес, элге эч качан кызмат кылбайт.

— Элге тоодой убадаларды берип, кыска аралыкта Кыргызстанды гүлдөтөм деп жатпайбы?

— Бабановдун 2010-2015-жылдары берген убадаларынын бири да аткарылган жок. Эми кантип уялбай дагы убада берип жатат? Мындай адамдарды элибиз эч качан шайлабашы керек. Бабанов бийликке келсе криминал күч алат. Анткени, ал өз бизнесин өстүрүп, Кыргызстанды тоной баштайт. Аягында чет өлкөдө чыгып кетиши мүмкүн. Мындай адамдан абдан этият болушубуз керек.

— Буга чейин Бабанов Ысык-Көлдө казак олигархтары менен жолугуп, алардан каражат сураганы маалымат каражаттарында жарыяланган. Анын үстүнө Бабановдун казак жарандыгы бар. Мындай фактыларды эске алганда бул Кыргызстанды жалпы сатып жибербейби?

— Бабановдон баарын күтсө болот. Анын 5-сентябрда казак жана жөөт олигархтары менен жолукканын мен да уккам. Андыктан мунун араткети өтө кооптуу болуп баратат. Казак жарандыгын текшерип чыгыш керек. Эгер анысы далилденсе мыйзам чегинде чара көрүлүшү зарыл.