Домой Саясат Алмазбек КАРИМОВ, коомдук ишмер: “Дебатта интрига суроону Бабанов берип татыктуу жообун алды,...

Алмазбек КАРИМОВ, коомдук ишмер: “Дебатта интрига суроону Бабанов берип татыктуу жообун алды, Жээнбековдон мындай чечкиндүүлүктү күтпөсө керек”

98

                   1376383169_zagruzhennoe-32

 Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Коомдук каналда өткөн дебатта жеңилди. Эми айрым эксперт сөрөйлөрдүн оозу менен дебатта “Жээнбеков жеке адамдык сапатка асылды” деген пикир жаратууда. Чын эле ушундай көрүнүш орун алдыбы?

          Негизи дебат ушунусу менен дебат. Бирок, Бабанов башталганда эле суроо берип Жээнбековду талкалайм деп катуу жаңылды. Ал ушундай стратегиялык план түзгөн болсо керек. Ал эми интига суроолорду журналисттер бериши керек болчу. Дебаттын шарты боюнча да ошондой. Бирок, Бабанов интрига суроо берип алып татыктуу жообун алды. Ал деле Жээнбековдон мындай чечкиндүүлүктү күтпөсө керек.

          Негизи эле Жээнбековдун дебаттагы билдирүүлөрүн кандай бааладыңыз?

          Мен чынын айтсам Сооронбай Шариповичтен мындай амбицияны күткөн эмесмин. Эгер президенттик кызматка ушундай амбиция менен бара турган болсо чечкиндүү реформаларды күтсөк болот. Бул киши жарылып айткан маселелердин аягына чыкса улуттук лидерге айланат. Бирок, дебатта деле айрым талапкерлер бет тымактык кылбадыбы.

viagra overnight.           Бабановдун коррупция менен күрөшөм дегенине ишенесизби?

          Бизнеси, миллиондогон акчасы бар адам эч качан коррупция менен күрөшө албайт. Негизи эле бизнестеги адамды такыр бийликке жолотпош керек. Мен ушундай гана пикирдемин.