8-февралда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин отуруму өтүүдө. Мына ушул отурумда мамлекет башчысы коррупцияга каршы жүргүзүлүп аткан күрөш тууралуу өз пикирин билдирип кетти.
«Коррупцияга менен күрөшүү — өтө маанилүү маселе. Мен коррупцияны биздин улуттук коопсуздукка коркунуч алып келүүчү көйгөй катары баалайм. Дал ошондуктан коррупция менен күрөшүү маселеси Коопсуздук кеңешинин дайымкы көңүл борборунда болот. Биз бул иштин бардык багыттарына көңүл бурабыз жана ар бир багытты өзүнчө карайбыз», — деди ал.
Бүгүн Коопсуздук кеңеши прокуратура, улуттук коопсуздук органдары, соттук, күч органдарынын ишин карайт. Мамлекет башчысынын айтымында бул органдар кызматтык милдети боюнча коррупция менен айыгышкан күрөш жүргүзө турган органдар, бирок алардын арасында да таза эместери бар. «Мен бүтүндөй Кыргызстанды түрө кыдырдым, мамлекетибиздин бардык региондорунун калкы менен жолугуштум. Кыргызстандыктар коррупция менен чечкиндүү күрөш жөн гана уланышын эмес, анын бир нече эсе күчөтүлүшүн талап кылууда, эл мамлекеттик органдарды колу таза эмес кызматкерлерден тазалоону талап кылууда. Коррупция менен күрөшүү жалпы элдик мүнөзгө айланышы керек», — деди президент С. Жээнбеков.
Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Коррупцияга каршы кызматтын (АКС) иши да кайра каралып чыга турганын жана анын ар бир кызматкеринин иши талдана турганына да С. Жээнбеков токтолуп кетти. АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтире турган коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн түзүлгөнүн эске салып, бирок бул кызматтын айрым кызматкерлери өзүнчө бир кол тийбес кастага айланып алышканын билдирди. “Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. 2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Бул орто эсеп менен бир айда 1,5 факт табылган дегенди билдирет”, — деди ал.
Мындан сырткары акыркы эки жылда АКС 485 кылмыш ишин козгосо, анын 118и гана сотко өткөрүлгөнүн, анын болгону 37си боюнча гана соттун айыптоо өкүмү чыгарылганын, 485 кылмыш ишинин 154ү кыскартылып жана токтотулганын да кошумчалады.
Ырасында айрым учурларда оор кылмыш жасагандар соттун чечими менен бошотулуп кетип аткандары да белгилүү. Президент мына ушул көрүнүштү катуу сынга алды. “Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок, бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатса, кылмыш кылып жатса мен эмнеге карап турушум керек. Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон баардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем”, — деди ал.
Ошондой эле ал бир ишти бир канча жыл караган, бир жылда 8 гана ишти караган да соттор бар экенин да белгиледи. Оор кылмыш жасагандардын абактан эрте чыгып кетип аткан жагдайлары боюнча Жаза аткаруу кызматынын да ишин сынга алды. «Мени эл шайлаган. Андыктан эгерде кайсы бир жерде жарандардын укугу бузулуп атса, мен ага кийлигишем», — деди мамлекет башчысы.
Ал күч жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринен коррупцияга каршы күрөштө кардиналдуу чечимдерди кабыл алууларын талап кылды. «Биз силерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк беребиз, биринчи кезекте өздөрүңөрдүн ведомствонун ичинен жана өзүңөрдөн баштагыла. Силер бул ишти мамлекеттик масштабда жүргүзүшүңөр керек. Бизде убакыт аз. Жарым же бир жылдан кийин силердин ишмердүүлүктүн жыйынтыгын карайбыз», — деп кайрылды президент генералдарга.