Домой Саясат “Граждандык платформа”: “Добуш сатып алуу админстративдик ресуруска караганда кооптуу болууда”

“Граждандык платформа”: “Добуш сатып алуу админстративдик ресуруска караганда кооптуу болууда”

100

ainura

“Граждандык платформа” көз карандысыз коомдук фондунун өкүлдөрү 9-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, президенттик шайлоо тууралуу бир катар маалыматтарды айтты. Аталган фонддун жетекчиси  Айнура Усупбекова бул шайлоодо админстративдик ресуруска караганда добуштарды сатып алуу кооптуу болуп жатканын белгилеп, олигарх талапкерлер ушундай кадамдарды жасап жатканын билдирди. “Бийлик админстративдик ресурус колдонгону менен ким каалаган талапкерине добуш бере алат. Ал эми акчага сатылгандар мындай жолго бара албайт экен”, — дейт ал.

“Граждандык платформа” көз карандысыз коомдук фондунун 15 узак мөөнөттөгү, 500 кыска мөөнөттөгү байкоочулары шайлоого көз салып жатканын айткан мекеменин  координатору Алмаз Абдыкеримов  форма-2 бланкасына талап жогору болуп жатканын билдирди. “Бул жолу 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна караганда фома-2 бланкасына 1,5 эсе көп талап болууда”, — дейт ал.

“Граждандык платформа” көз карандысыз коомдук фонду үгүт иштерине да мониторинг жүргүзгөн. Анын натыйжасында республика боюнча илинген баннерлердин 50 пайызы Өмүрбек Бабановго, 40 пайызы Сооронбай Жээнбековго, 8 пайызы Темир Сариевге тиешелүү экени белгилүү болгон. overnite lexapro .

Буга чейин Өмүрбек Бабанов жана анын командасы административдик ресурс деп бакылдап келген. Ошол эле кезде алар көмүскөдө добуштарды массалык түрдө сатып алууда. Ал эми добуш сатып алуу админстративдик ресуруска караганда кооптуу болуп жатканын көз карандысыз уюмдар да тастыктап жатат. Анын үстүнө оппозициялык маанайдагы талапкер Бабанов каалагандай тайраңдап, аша чаап баратканын да байкоого болот. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында мындай эркин, мындай атаандаштыкта шайлоо өткөн эмес. Ушундай шартка ыраазы болбой бет тырмактык кылып жаткан Бабановду шайлоодон четтетсе да болот. Ал үчүн негиздер жетиштүү.