Домой Коом Алмазбек Атамбаев: Элибиздин ынтымагы, биримдиги — биздин эң кымбат дөөлөтүбүз

Алмазбек Атамбаев: Элибиздин ынтымагы, биримдиги — биздин эң кымбат дөөлөтүбүз

200

31-августта Кыргызстандын калкы Эгемендүүлүк күндү 26-ирет майрамдады. Баш калаабыздын Ала-Тоо аянтында жалпы журтту куттуктаган мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөбүз 26 жылда мамлекет катары калыптануунун татаал жол, тайгак кечүүлөрүн басып өткөндүгүн, экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарды баштан кечиргендигин баса белгилеп: “Кыргыздын колдоочусу бар деген чын, тарыхтын таш боор эң оор сыноолорунан сактап келатат. Кыргыз эли, кыргызстандыктар 26 жыл ичинде кылымга тете окуяларды, сыноолорду башынан өткөрдү. Ошончо азапка чыдаган, сыноолорду жеңген, айкөл жана намыскөй элиме бүгүн ушул куттуу трибунадан миң мертебе алкыш айтам, таазим этем! Бар болгун, айланайын кыргыз элим, бар болгун!”, — деди .

Алмазбек Атамбаев

Ар бир улут үчүн өзүнүн эгемендүү өлкөсүнө, көз карандысыз мамлекетине ээ болуу – улуу бакыт болуп саналат. “Кудай колдоп, кыргыз эли өзүнүн эгемендүү мамлекетине ээ болду. Аны да жоготуп ала жаздап, араң сактап калдык”, — деген Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы кооптуу күндөрдү да эске салды жана элибиздин бир муштумга бириге билген ынтымагы гана өлкөнү ыдырап кетүүдөн сактап калгандыгын кошумчалады. Анткени, Кыргызстандын акыркы жарым кылымдык тарыхында карасанатай күчтөрдүн чагымчыл аракети менен үчүнчү ирет кайталанган 2010-жылдын июнь айындагы этностор аралык кагылышууда 442 мекендешибизден айрылганбыз. Каары карапайым калктын башына түшкөн. Натыйжада талоонго, кыйроого кабылган элдин турак-жайларын, жай чарба турмушун калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 6 миллиард, эл аралык жардамдарды кошкондо жалпысынан 14 миллиард сом каражат жумшалган. Албетте, кеп акчада эмес, ынтымакта.

Алдыга жетелеген алты жыл

“Элибиздин ынтымагы, биримдиги – биздин эң кымбат дөөлөтүбүз, келечекке алып бара турган тек жол. “Ырыс алды – ынтымак”, — деп акылман аталарыбыз тегин жерден айткан эмес. Кыргыздар эң оболу өздөрү бир болуп, анан ар кайсы этностордун башын кошуп, биримдикке келгенде гана күчтүү болгон. “Кулаалы таптап, куш кылдым, курама жыйып, журт кылдым!” – деген Манас атабыздын сөзү ошондо айтылган. Баарыбыз бакубат, өсүп-өнгөн өлкөнү куруу үчүн тилектеш, максатташ бололу. Жергебизге келген жакшылыкты, ооматты улайлы. Биримдикти, ынтымакты сактайлы!

Биз ата-бабаларыбыздын жана балдарыбыздын, келечек муундардын алдында эгемендүү Кыргыз мамлекетин көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Кудай бизге бирдиктүү, күчтүү, өнүккөн Кыргыз мамлекетин курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берди. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы ”, — деген Алмазбек Атамбаев өзү башкарган акыркы алты жылдагы бир катар жетишкендиктерибизди мисал келтирди.

Биринчиден, азыр өлкөбүздун улуттук ресурстарын арзыбаган тыйынга сатуу токтотулду. Маселен, бир учурда “Жерүй” кенин иштетүү лицензиясы 300 сомго гана сатылса, ал жокко чыгарылып, аталган кенди иштетүү укугу 100 млн долларга сатылды.

Экинчиден, бир нече күн карайлап жарыксыз калган күндөр унутулду. Республикабыз эки жылдан бери энергетикалык жактан эч кимге көз каранды эмес.

Үчүнчүдөн, россиялык “Газпром” компаниясы менен өнөктөш болуу жаратылыш газы боюнча кыйла жылдар Кыргызстандын элин кыйнап келген көйгөйдү чечти.

Төртүнчүдөн, Кыргызстан жакшы жолдору бар мамлекеттердин катарына кошулду. Жакынкы эки жылда транспорттук көз карандысыздык маселеси чечилет.

Бешинчиден, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда. Дыйкан-фермерлер сегиз жыл мурда 22 пайыздык үстөк менен алган кредиттер азыр 6-10% менен берилүүдө.

Алтынчыдан, мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин эмгек шартын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда. 26 жыл дегенде мугалимдердин айлык орточо

маянасы өлкөбүздөгү орточо эмгек акы менен теңелди. Мамлекет бардык социалдык милдеттемелерин эч кыйналуусуз аткарууга жетишти.

Жетинчиден, Кыргызстан азыр жакыр өлкө эмес – акыркы 5 жылда кедейлердин саны 4,5 эсеге кыскарды.

Сегизинчиден, Кыргызстандын коргонуу жөндөмү жогорулады. Аскердик реформалардын негизинде мобилдүү күжүрмөн армияга ээ болдук.

Тогузунчудан, Кыргызстан эл аралык аренада өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоону үйрөндү. Дипломатиянын тили менен чек ара маселелерибиз оң жагына чечилүүдө. Кыргызстан менен жылуу мамиледе болууну кошуналарыбыз өзүлөрү да каалап жатышат.

Онунчудан, өлкөбүз, элибиз, таанылгыстай өзгөрдү. Элибиздин улуттук аң-сезими өсүп жатат. Сырттан таңууланган эрежелерге, башкалардын маданиятына ыңгайлашуу адатынан арыла баштады. Дүйнө Кыргызстанды таза шайлоолор, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, саясий жана экономикалык реформалар аркылуу тааный баштады.

Он биринчиден, Кыргызстан саякатоо үчүн коопсуз, бизнеске ыңгайлуу, инвесторлор үчүн бейиш өлкөгө айланды. Экономикалык гүлдөп өнүгүүгө негиз салынды. Кийинки президенттин милдети – мына ушул улуттук кайра жаралуу процессин улантуу болуп саналат.

“Жалгыз дарак бак болбойт, жалгыз жоокер кол болбойт” деген жакшы кеп бар. Атамбаев жалпы журттун колдоосу менен 2011-жылдын 30-октябрында өлкөбүздүн президенти болуп шайланган. “Мен жалпы эл тарабынан шайланган Президент катары ушул жылдары өлкөнүн карапайым калкына таянып келдим”, — деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын калкы жаңы тандоодо жаңылбашы керек

Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо күнү улам жакындоодо. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-сентябрда старт алат. Бирок, ага чейин эле КСДПнын талапкерине карата катуу чабуулдар жасалууда. “Эмне үчүн? Анткени, КСДП талапкери Президент Алмазбек Атамбаевдин өлкөнү саясатчы-коррупционерлерден тазалоо багыты улантылат. Ошондуктан, КСДП талапкерине каршы качкын президенттер дагы, убактылуулар дагы, айрым бейөкмөт уюмдарынын саясатчы сөрөйлөрү дагы, коррупционерлер дагы, олигархтар дагы, алардын телелери жана басмалары дагы биригип жатышат”, — деди президент.

Анын пикиринде, азыркы шартта административдик ресурс дээрлик эч нерсе чечпейт. Чиновниктер шайлоочу менен кошо добуш берүүгө кошо кире албайт. Кабинкага акча гана кире алышы мүмкүн. Шайлоочулардын добушун сатып алууга айрым талапкерлер жүздөгөн миллион сомдорду даярдап жатышат. Көптөр шайлоону бизнеске айландырышкан.

Эң коркунучтуусу — шайлоолордун жыйынтыгын дискредитациялоо аракеттери алдын ала даярдалууда. КСДПнын талапкери жеңишке жетишсе массалык баш аламандыкты уюштурабыз дегендер да жок эмес. Бирок, бийлик андай карасанатай аракеттерге жол бербейт жана мүмкүн болуучу ар кандай жагдайларды мыйзам чегинде жөнгө салууга даяр.

Башаламандык уюштурам дегендерге аёо болбойт

“Конституцияга ылайык менин ыйгарым укуктарым 1-декабрда аяктайт. 1-декабрга чейин мен Кыргызстандын Президентимин. Өлкөнү чайкайм же баш аламандык уюштурам деген бардык аракеттер катуу теске салынып, уюштуруучулар катуу жазаланат. Бул жолкуда эч кимге кечирим болбойт”, — деген Алмазбек Атамбаев жалпы кыргызстандыктарды өз абийирлери менен акылдашып, добуштарын сатпоого чакырды: “Биз шайлоочулардын добуш берүү процесси ачык жана адилеттүү болушун камсыз

кылабыз. Бирок добуш берчү кабинада сиз өз абийириңиз менен жекеме-жеке болуп чечим кабыл аласыз. Жаңылбагыла! Абийириңердин үнүн уккула”.