Домой Саясат Китепкананы сатып, жеке менчикке өткөргөн Канат Исаев жаштардын илимдүү-билимдүү болушуна каршы болгон...

Китепкананы сатып, жеке менчикке өткөргөн Канат Исаев жаштардын илимдүү-билимдүү болушуна каршы болгон болобу?

57

1017501062

Бирде медициналык справкасы бар экени билинип, бирде соо адам боло калган ЖК депутаты Канат Исаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча учурда соттук териштирүүлөр жүрүп атканы маалым. Тээ Курманбек Бакиевдин доорунда Токмок шаарынын мэри болуп туруп, бир катар мамлекеттик обьектилерди текейден арзан баада менчиктештирүүгө берип жиберген кыңыр иштери боюнча.

Мына ушул иш боюнча 4-сентябрда болуп өткөн сот процессинде мамлекеттик эксперт Бакытбек Сагынбеков көрсөтмө берди. Ал К. Исаевдин убагында менчиктештирүүгө кетип калган жатакана, китепкана жана автостанциялардын баалары төмөндөтүлүп көрсөтүлгөнүн билдирди.

Ал эми Токмок шаарындагы №2 орто мектептин директору Алена Крашильникова ошол убакта ал шаардык кеңештин депутаты болгонун, бирок жер маселелери боюнча комиссиянын курамында болбогонун билдирди. Бирок, эгерде ошол убакта Токтоктогу базарды которуу ойлонулуп жасалганда, шаарга киреше алып келмек экендигин айтты. Ал эми китепкананын сатылышы боюнча «Отурумда бир нече адам, анын ичинде мен дагы китепкананын сатылышына каршы добуш бердик. Себеби ал шаардын маданий баалуулугу. Китепкананы сатууга болбойт болчу. Ооба, ал эски имарат эле, бирок аны оңдоп түзөсө болот болчу», — деген көрсөтмөсүн берди.

Ушуга эле улай ал ошол убакта Токток шаарындагы китепкана иштеп турганын, ал жерден шаардыктар китеп алып окуп, кайра тапшырып турушканын билдирди. «Биз ага акча бөлүнөт деп үмүттөнгөнбүз. Мен сатууга каршы болчумун. Мен бюджетте акча жок болуп атканын түшүнүп турдум. Китепкананы жаап турса болмок. Анан акча чогулганча күтүп жаңы китепкана курулса болмок, сатыш керек эмес болчу», — дейт ал.

Бирок, тилекке каршы ошол убакта шаарды башкарып турган Канат Исаевдин жеке финансылык кызыкчылыгы үстөмдүк кылып, 1930-жылдары курулган тарыхый имарат жеке менчикке өтүп кеткен. Ошондо китепкананын имаратын да финансылык кызыкчылык үчүн сатып жиберген Канат Исаев эми ЖК депутаты болуп, элдин кызыкчылыгын коргошу мүмкүнбү? Анын үстүнө ал эми президент болот элем деген амбиция менен жүрөт. Кокус, ал максаты жүзөгө ашып кетсе (Кудай өзү сактасын), анда мамлекетибизде бир дагы китепкана калбай калат го.