Элибиз эзелтеден алданенин алдын ала белгилери боло турганын айтып келишет. Кандайдыр бир жакшылык боло турган болсо, анын да белгиси болот, жамандык боло турган болсо (Кудай андан сактасын), ага да белги берилет.
Эми ток этер жеринен эле баштайлы, 3-сентябрда Кара-Суу шаардык кеңешинин шайлоосу болуп өттү. Ага аты жалпы өлкөбүзгө таанымал партиялар менен кошо, аты анчейин белгисиз партиялар да катышты. Ар бир шайлоого катышпай калгысы келбеген Бабановдун «Республика» партиясы да аталган шаардык кеңешке ат салышты. Бирок, жыйынтыгында бар болгону 306 добушка ээ болуп, бир дагы мандатка ээ болбой калды. Ал эми алдыга 3762 добуш менен КСДП партиясы чыкса, «Мекеним Кыргызстан» 752 добуш менен экинчи, «Кыргызстан» партиясы 573 добуш менен үчүнчү келди. Натыйжада жалпы 31 мандаттын 23ү КСДПга, бешөө «Мекеним Кыргызстанга», үчөө «Кыргызстан» партиясынын шыбагасына тийди.
Демек, Кара-Суу шаарында Бабановдун кадыр-баркы таптакыр жокко эсе экенин билсек болот. Анын үстүнө бул шаардык кеңештеги шайлоону «өзүм жайгарам» деп Бабановдун оң колу, анын борбордук шайлоо штабынын жетекчиси Руслан Казакпаев өзү шымаланып барган экен, натыйжада «шым» болуп кайтыптыр.
Бул жыйынтыкты кандай түшүнсөк болот? Албетте, биринчиден муну элдин Бабановго берген баасы катары түшүнөбүз, экинчиден президенттик шайлоонун алдында Жараткан Кудайдын ага «Кудай буюрса деген сөздү үйрөнгөнгө чейин тынч отур» деген белгини берип жатканы сыяктуудай сезилет.