— Учурдагы жаңы өкмөттүн курамына жаш кадрлардын жетекчилик орундарга тартылып жатышына сиздин пикириңиз кандай? Жаңы муундагы жетекчилер эл үмүтүн актайт деп ойлойсузбу? buy propeciatablets online.
— Илгертен кыргызда «Кары келсе ашка, жаш келсе ишке» дейт эмеспи. Жаштар келатат, шымаланып ишке кирише турган болушса, өлкөбүз өнүгүү жолуна түшсө деген ойдомун. Өкмөт башчылыкка сунушталган Сапар Исаковдун «Кыргызстанды өнүктүрүү Программасын» Жогорку Кеңеште депутаттардын алдына алып чыгып, жалпы элге маалымдаганы мага жакты. Батыл, мүнөзү ачык-айрым, чечкиндүү. Жаш экен деп эле отура бергенибизде болбойт. Исхак Раззаков деле мамлекет жетекчилигине келгенде 35 жашта болчу. Сапар мырзанын эл аралык маанидеги ири иш-чаралардагы аткарып келе жаткан алгылыктуу кызматын эч ким тана албайт. Жетилди. Колдош керек.
— Жаштыгына карабай эл аралык саясатты кыйла өздөштүрүп, президенттик аппаратта такшалып иштеп, кыйла тажрыйба күткөн Сапар Исаков өкмөт башчы катары элдин үмүтүн актай алабы?
— Менимче, ал Кыргызстанды өнүгүү бийиктигине алып чыга алат. Өкмөттүн жаңы курамы менен да таанышып чыктым. Бир-эки аксакалдан башкасы жалаң жаштар экен. Иштешсин, жаңы ойлору бар. Дүйнөлүк масштабда ой-жүгүрткөн реформатор жигиттер. Албетте, арасында бир-эки аксакалдар бар. Алар да тажрыйбалуу, Кыргызстанга кадыры сиңген инсандар. Кыскасы, өкмөттүн жаңы курамы ааламдашуу доорунда Кыргызстандын өз ордун таап берет деп ишенүүгө болот.