Журналист Али Токтакунов «УК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков 19-февралда өлкөдөн чыгып кеткенин жазды.
«Кечээги биздин иликтөөнүн каарманы, темир жолдогу миллиондорду өз компаниясына агызган Василий Дашков бүгүн эрте менен өлкөдөн чыгып кетиптир»,- деп билдирди Токтакунов.
Эске салсак, буга чейин Али Токтакунов «Темир жолдогу миллиондорду саааган Дашков» аттуу иликтөөсүн чыгарган.
