Домой Коом Айыл чарба министрлиги кыргызстандыктарга кайрылды

Айыл чарба министрлиги кыргызстандыктарга кайрылды

46

Жаратылыш кырсыктарынан экология жабыркап жаткандыгына байланыштуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кыргызстанга кайрылды.

Урматтуу мекендештер!

“Тамыры жок бак, тарыхы жок эл болбойт” дегендей, ата-бабаларыбыз байыртадан жаратылыш менен тыгыз байланышып, барктап, сыйлап жашоо турмушун улантып келишкен.

Кыргыздардын улуу муундары, жаштарга жаратылыш аркылуу кайрымдуулукка, боорукерликке, ыймандуулукка өз чөйрөсүндөгү көркөмдүктү сезе билүүгө жана эмгекке тарбиялого үйрөтүп, табиятка аяр мамиле жасоону айтып келген.

“Элүү жылда эл, жүз жылда жер жаңы” дегендей, акыркы убактарда дүйнө жүзүндө глобалдык климаттык өзгөрүүлөр болуп, жаратылыш кырсыктарынан экология жабыркап жатат. Мындай учурлар Кыргызстанда дагы кездешүүдө.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, айлана чөйрөнү жашылдандыруу менен экологияны коргоо максатында бардык кыргызстандыктарды “Бир жарандан бир көчөт” аттуу чакырык менен республиканын жарандарын жер-жерлерде аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга үндөйт”.