Домой Аналитика Советтик 200 скважинаны калыбына келтирүү пландаштырылууда

Советтик 200 скважинаны калыбына келтирүү пландаштырылууда

65

Чүй облусундагы сугат суусунун тартыштыгы боюнча маселени чечүү үчүн Жайыл жана Панфиловск аймактарында мурда иштеп келген 200 советтик скважинаны калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Мамлекеттик суу чарба агенттигинин директорунун орун басары Абдылбай Жайлобаев билдирди.

«Совет мезгилинде республикада 5 миңден ашуун скважина иштеп келген, бирок чыгымга байланыштуу алардын көпчүлүгү консервацияланган. Эми аларды калыбына келтирүү жана эксплуатациялоого канча каражат кетерин баалап жатабыз. Азырынча 200 скважина жөнүндө сөз болуп жатат», – деди ал.

Абдылбай Жайлобаев Катар Фонду 100 скважинаны калыбына келтирүүнү каржылоого алдын-ала макулдук бергендигин, аларды оңдоо иштери боюнча мамлекеттик агенттик буга чейин кабарлаганын белгиледи.

Буга чейин Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев Жогорку Кеңештин депутаттарын четте турбоого жана сугат суу көйгөйүн чечүүгө жеке салым кошууга үндөгөн. Ал депутаттардан суу скважиналарын өз каражаттарына оңдоп берүүнү суранды.