Бүгүн, 13-мартта «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында «Ветка» айыл чарба кооперативинин айрым мүчөлөрү бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты.
Алар укук коргоо органдарынын үстүнөн арызданышты.
«2014-жылы Сейит Мустаков Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан «Ветка» айыл чарба кооперативинин жетекчиси болуп шайланган. 2017-жылдагы маалымат боюнча, кооперативде 2 миңден ашуун уй, 300гө жакын жылкы бар болчу. Бүгүнкү күндө 20дай уй жана 30дан ашуун гана жылкы калды. Мустаков кооперативдин мүчөлөрүнүн уруксаты жок жер, айыл чарба техникасын жана станокторду сатты. Ошондой эле, узундугу 3 чакырымдай сүү түтүгү сатылды. Анын кесепетинен миңдеген гектар жер сугарылбай калышы мүмкүн.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Мустаковдун үстүнөн 4 кылмыш ишин козгогон. Бирок милиция кызматкерлери тергөө амалдарын атайын созуп жатышат. Чүй облустук прокуратурасы дагы бизге тоскоол болууда», — деди Марис Абдыжапаров.
Ал президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылды.
«Мустаков кооперативдин уставын бузуп, өзүнүн ыйгарым укуктарын узартып алган. Анын иштөө мөөнөтү 2019-жылы эле бүткөн. Устав боюнча шайлоо өтүшү керек эле, уставда жакта ыйгарым укукту узартуу деген түшүнүк жок. Ошондуктан Мустаков жетекчилик кызматта мыйзамсыз олтурат. Бул боюнча Аламүдүн райондук соту биздин пайдабызга чечим чыгарган. Бирок облустук сот менен Жогорку сот Мустаков тарапта болду. Сот отурумдарында биздин жактоочуларга сөз бербей, кагышты», — деген Абдыжапаров президенттен аларды кабыл алууну суранды.
Ошондой эле, ал Мустаков кылмыш иштерин жаптыруу үчүн кооперативди атайын банкрот кылып жатканын белгиледи.
«Ветка» кооперативинин мүчөсү Өмүрбек Махаев болсо президентти кооперативдин бүгүнкү абалын көрүп кетүүгө чакырды.
Ал эми Василий Задорожный кооперативдин өндүрүшү талкаланып, киреше түшпөй калганын билдирди.
«Мал чарба жакшы өнүккөн болчу. Бирок Мустаков туура эмес жол менен кетип калды. Ал кызматка олтургандан кийин баарын сатып баштады. Көп жылдан бери дивиденд албай калдык. Кооператив карызга батты. Мустаков 20 млн сом насыя алган, бирок ал акчага эч нерсе жасалган жок. 4 жылдан бери чогулуш өткөрбөйт, отчет бербейт, улууларды укпайт. Буга чейин кооперативдин эмгек сиңирген кызматкерлерине сый акы берилчү. Аны да жоюп койду.
Мустаков чогулуш өткөрүп, шайлоо өткөрүүгө талапкер чыкпагандыктан өзүнүн ыйгарым укуктарын узартканын айтты. Бирок ал чогулуштун протоколун бурмалап, чогулушка катышкан, добуш берген адамдардын санын өзгөртүп койгон. Ушуга байланыштуу сотко кайрылганбыз.
Андан тышкары, Мустаков кызматка олтургандан кийин дароо уставды өзгөрткөн. Жетекчини шайлоо жабык өтүп келген болсо, добуш берүүнү ачык кылып койгон. Башкармалыктын макулдугу менен 20 млн сомго чейинки мүлктү сатууга укук алган. Ал эми жерлерди субарендага берип койгон. Устав боюнча жерлер субарендага берилбеши керек», — деди Задорожный.