Домой Коом Аксыда көз жарган 7-класстын окуучусу баланын атасы ким экенин айтпай жатат

Аксыда көз жарган 7-класстын окуучусу баланын атасы ким экенин айтпай жатат

32

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда көз жарган мектеп окуучусу баласынын атасы ким экенин айтпай жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин, Аксыда 7- класстын окуучусу көз жарганы тууралуу маалым болгон.

Учурда, милиция ымыркайдын атасын издөө иштерин жүргүзүп жатат.

“Биз бул окуянын баардык жагдайларын иликтеп, наристенин атасын издеп жатабыз. Кыз болсо “мен эч ким менен болгон эмесмин” деп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жеңижок атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу 31-март күнү көз жарганы кабарланган.
Ал эми, 1-апрель күнү кыз окуган мектептин директору менен соцпедагогу өз арыздарынын негизинде кызматтан алынган.