Россиянын борборуна талибдердин делегациясы келди. Шаарда Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр «Москва форматы» боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Коноктор сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды дагы жүргүзмөкчү. Негизги тема боюнча консультациялар менен форумдарга региондогу 10 мамлекеттин делегаттары, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Афганистандын азыркы өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Абдул Салам Ханафи катышат.
(сүрөттө Абдул Салам Ханафи)
«Жолугушууда Афганистандагы бийлик алмашкандан кийинки аскердик-саясий абал, гуманитардык колдоо жана министрлер кабинетинин түзүлүшү боюнча негизги маселелер талкууланат», — деп айтылат маалыматта.
Талибдер өкмөттүн курамын сентябрдын башында эле жарыялаганы менен көптөгөн мамлекеттер алардын берген убадасына карабастан афган бийлиги өлкөдөгү бардык этникалык көпчүлүктүн жана саясий күчтөрдүн жүзү катары эсептелбей турганын айтып келишет.
Август айында америкалыктар аскер күчүн өлкөдөн чыгара баштаганда бийликти «Талибан» кыймылы басып алган. Бул нерсе өлкөдө гуманитардык, экономикалык жана саясий кризисти жаратты. Коңшу өлкөлөргө качкындар агыла баштады.
«Талибан» кыймылы Кыргызстан, Орусия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм.