Домой Коом Баткен облусунун Көк-Таш айылынын кичинекей тургуну президент менен жолугушту

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын кичинекей тургуну президент менен жолугушту

39

Буга чейин Тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунан саналуу күн мурун чек арада жашоо коркунучтуу болуп жатканын айткан Адил президент Садыр Жапаров менен жолугуша турганы кабарланган.

Ал бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова жеке баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын жазган маалыматына ылайык, президент кичинекей коногун жылуу тосуп алып, маселесин чечип берүүнү убадалаган.

“Адил түнү бою уктабай толкунданып чыкты. Садыр Нургожоевич аны жылуу тосуп алып, Адилге аталык мээрим төгүп кучактап, бир катар суроолорду берди.

Ал Адилдин атасынын маселеси Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экенин айтып, жакынкы аралыкта аны чечип берүүнү убада кылды”, – деп жазды Молдокматова.

Эске салсак, 26-апрелде “Тажик тарап жолдошумду куру күнөөлөп, Орусиядан кармап камакка алышты” деген Эсен Мажитовдун жубайы окуянын чоо-жайын айтып берген.

Бүгүнкү күндө Эсен Мажитов Орусияда кармалып, камакта жатат. Буга чейин тажик тарап Эсен Мажитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Адил Абдурахимов дал ошол камакта жаткан Эсен Мажитовдун тун уулу.

Президент Адилге уюлдук телефон, планшет, футболдук топту белек кылып, аягында ийгилик каалаган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Адилдин “футбол интернатында окусам» деген кыялын, мамлекет башчысы ишке ашырууну убадалаган.

Белгилей кетсек, Адил Абдурахимов Баткен облусунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында жашайт. Ал буга чейин интернет аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, бир жыл мурун коңшу өлкөнүн жарандары үйүн өрттөп кетишкенин билдирип, чек ара маселесин чечип берүүнү өтүнгөн.