Домой Аналитика Мээрбек Мискенбаев: Жеңиш Молдокматов боюнча эл билбеген чындыкты айтты…

Мээрбек Мискенбаев: Жеңиш Молдокматов боюнча эл билбеген чындыкты айтты…

3453

Мен Жеңиш Молдокматовду кыргыздын керегине жараган, чыгаан патриот уулдарынан деп билемин.

Жеңиштин октябрь окуяларынан 7 ай өткөндөн кийин камакка алынганы логикага, эч бир мыйзамга, акылга да сыйбас.

Муну көптөр деле биле бербесе керек, Жеңиштин менин башыма мүшкүл иш түшкөндө, басып кетпей, өзүнө чоң жоопкерчилик алып, СИЗОго келип, документтерге кол коюп баарыбызды чыгарып кеткенин азыр айтпасам жигит атым өчсүн.

Молдокматовдун камалышы бийликке эч кандай абийир алып келбейт. Андан көрө Жеңиштей конструктивдүү сын айткан, сындап коюп басып кетпей, туура багытты көрсөтө алган жигиттерибизди пайдаланып, бирге, ынтымакта туура нукка түшүшсө болмок да. Аттиң.., аттиң, таптакыр туура эмес кылып алышпадыбы!..

«Шариман» да бизди камап, аягы келип «опкасынан сайылып», мына эми түрмөдөн эч айырмасы жок өзүн- өзү жемелеп, үй камагында отурат.

Урматтуу Президент, Сиз дагы, мен дагы баарыбыз камалып чыктык, андан бийлик пайда тапкан жок. Буга тарых далил. Андан көрө баарыбыз биригип, ынтымакта өлкөнү өргө сүрөбөйлүбү. Мен Сиздин өткөндөрдүн катасын кайталооңузду каалабайм.

Саясий туткун Жеңиш Молдокматовго боштондук!

Урматым менен, Мээрбек Мискенбаев