Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө «Алтын чабалекей» сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.
Учурда «Акыркы көч» тасмасы эл аралык Азия фестивалында ат салышып жатат. Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.
Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.