Кыргызстан менен Кытай «Бедел» чек ара өткөрмө бекетин ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кеп болуп жаткан пункт Ысык-Көл облусунун Үзөңгү-Кууш жайлоосу тарапта жайгашкан.
Министр Данияр Амангелдиев Кытайдын СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сун Хунмей менен жолугушкан.
«Тараптар Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун куруу жана «Бедел» өткөрүү пунктун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү боюнча тыгыз кызматташууну улантууну макулдашты. Ошондой эле Ысык-Көл облусу менен СУАР ортосунда боордоштукту түзүү маселесин көтөрүштү», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, курула турган «Бедел» чек ара пункту Ысык-Көл облусунун Үзөңгү-Кууш жайлоосу тарапта жайгашкан. Учурда Кыргызстан Кытай менен Нарын жактан «Торугарт» жана Ош тараптан «Эркеч-Там» өткөрмө бекети аркылуу кирип чыгып жүк ташыйт.