Домой Аналитика Кыргызстанга 20 миллион сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

Кыргызстанга 20 миллион сом инвестиция салгандар 10 жылга виза алат

24

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Тышкы миграция жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, кабыл алышты.

Документке ылайык, кыргыз экономикасына 10 миллион сомдон кем эмес инвестиция салган чет элдик жарандар үчүн инвестициялык визанын 5 жылдык мөөнөтүн белгилөө сунушталууда.

Ал эми 20 миллион сомдон кем эмес инвестиция менен инвестор 10 жылга виза алуу укугуна ээ болот.

Мыйзам долбоору инвестициялоо максатында Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн инвестициялык визанын жарактуулук мөөнөтүн белгилеген толуктоо киргизүүнү сунуштайт.