Домой Коом Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө бекет ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө бекет ачылат

45
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы автоунаа жолу курулат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевпрезиденттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы тууралуу сөзүндө билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө кыргыз-кытай чек арасында дагы бир өткөрмө бекетин Бедел ашуусунда ачууну пландоодо.

Кулубаев сапардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытай коронавирус пандемиясынан улам солгундаган соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу боюнча макулдашканын белгиледи.

Ал үчүн эки өлкөнүн чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү бекеттеринин жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү пландалууда. Кулубаев буга кытай тарап дагы кызыкдар экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Бедел ашуусу Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук районунун чек арасында жайгашкан.
https://bagyt.kg/ysyk-kol-taraptan-kytaiga-otkon-zholgo-chek-ara-beketin-achuu-plandaluuda/