Домой Коом «Ихсан» кооперативине алдангандар президенттен жардам сурап, нааразычылык акциясына чыгышты

«Ихсан» кооперативине алдангандар президенттен жардам сурап, нааразычылык акциясына чыгышты

24

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп, президенттен жардам сурап, турак жай кооперативдерин жарнамалаган ырчы, актёр жана диний кызматкерлердин да жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

ИИМдин маалыматында, турак жай кооперативдерине акчасын алдаткан миңге жакын адам арыз менен кайрылган. Жалпы чыгым 883 млн. сом деп эсептелди. Ошого карабай кооперативдерден үй алам деп, үмүт артып жүргөндөр көп.

Учурда турак жай кооперативинин Бишкектеги кеңсесинде 900гө жакын адамдын тизмеси илинип турат. Алар кезектешип үй алам деп топтогон акчасын салып, кайра кайтара албай жаткандар.