Домой Аналитика Вашингтондогу кыргызстандыктар: Аскерий агрессия – бул тынч жаткан элге куралдуу кол салуу

Вашингтондогу кыргызстандыктар: Аскерий агрессия – бул тынч жаткан элге куралдуу кол салуу

26

Кечээ Вашингтондо кыргызстандыктар Тажикстан элчилигинин алдында митинг өткөрүштү. Алар тажик тараптын тынч жаткан элге каршы курал колдонгонун айтыпташып, Рохман чек ара маселесин армиянын жардамы менен чечүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

«Тажик армиясынын Баткен жана Лейлек райондорундагы 10 кыштакты түрдүү куралдардан аткылоосу; урушта автоматтан башка да минометторду, тик учарларды, оор бронтехникаларды колдонуусу, калабалуу аймактан өз жарандарын алдын ала чыгарып кетүүсү, жай тургундарга курал берип, аларды аскерий операцияга тартуусу, Көк-Терек кыштагында жалаң кыргыздардын там-жайларынын талканышы жана башка фактылар – бул аскерий агрессия болгонун ачык көрсөттү», -деп билдиришти алар.

6-майда Вашингтондогу Тажикстандын АКШдагы элчилигинин алдына чогулган мекендештерибиз тажик аскерлеринин кыргыз айылдарына басып кирүүсүн, көп обьектилерди кыйратып өрттөсүн, талап тоноочулугун, жөнөкөй тургундарды туткунга алып, кыйноосун айыпташты.

«Аскерий агрессия – бул тынч жаткан элге куралдуу кол салуу экенин, бул окуя «Улут лидери» деген ырасмий титулу бар Эмомали Рахмон чек ара маселесин армиянын жардамы менен чечүүгө кызыкдар экенин да айкын кылды», -дешти мекендештерибиз.

fabula.kg