Домой Коом УКМК: Транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды.

УКМК: Транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды.

115

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип Транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

16-декабрда сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти көзөмөлдөө агентигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А. кармалды.

Кармалган жетекчи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда, мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды.

Ал Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.