Домой Коом УКМК: 11 млн сом зыян келтирген «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин...

УКМК: 11 млн сом зыян келтирген «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин бири кармалды

139

УКМКнын коррупцияга күрөшүү кызматы «Кыргыз темир жолу «улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө жана жүргүзүүдөгү кезектеги коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары көзөмөлдөнгөн чарбакер субъекттердин катышуусу менен жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу схеманы түзүп алышкан.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» Кыргыз Республикасынын темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке мамлекеттик сатып алуулар үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон ашты.

2020-жылдын 14-декабрында көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» Мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы  «Ю.Б.К.» кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.