Түркия менен Сирия чектешкен аймактагы зилзалада курман болгондордун саны 2000ден ашты.
6-февралда кечке жуук таратылган расмий маалыматта айтылгандай, набыт кеткендер Түркияда 1500гө, Сирияда 800гө жакындады.
Куткаруучулар урандылардын астында калгандарды издеп жаткандыктан, бул сандар өсүшү ыктымал.
Түрк бийлиги 5000ден көп киши жабыркап, 3000дей имарат кыйраганын кабарлады.
Сириядагы жабыркагандар, кыйроолор тууралуу так маалыматтар жок.
Эл аралык медиа жазгандай, НАТОго, Евробиримдикке мүчө жана башка 45 мамлекет Анкарага жардам сунуштады.
Арасында Кыргызстан, АКШ, Украина, Россия бар.
Ал эми Сирияга Иран, Россия, Германия, Франция өңдүү бир канча өлкө көмөк көрсөтө турган болду.
Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон.
Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.