Домой Саясат Токон МАМЫТОВ, коомдук ишмер: “Атамбаев сыйлыкты татыктуу түрдө алды”

Токон МАМЫТОВ, коомдук ишмер: “Атамбаев сыйлыкты татыктуу түрдө алды”

76

Tokon-Mamytov (1)

Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи жарлыгы менен экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгарды. Бул чечим тууралуу сиздин пикириңиз кандай? femara no prescription canada pharmacy.

—          Чынында Алмазбек Атамбаевдин кыргыз элине жасаган эмгеги өтө зор болду. Муну элибиз да тана албайт. Мисалы, көп жылдар бою «Датка-Кемин» долбоорун айтып келдик, бирок аны ишке ашыра алган эмеспиз. Ушул долбоорго Атамбаев акчасын таап, аны бүткөргөнүн моюнга алуу керек. Алты жылда канчалаган жолдор салынды, түндүк менен түштүктү байланыштырган альтернативдүү жол салынып жатат. Атамбаев Куралдуу күчтөр, коопсуздук маселелери боюнча реформаларды ишке ашырды. Менимче, бул сыйлыкты татыктуу түрдө алды.

—          Ошол эле учурда бул сыйлык Атамбаевге эрте берилип калды дегендер чыгып жатат. Чын эле эрте берилип калган жокпу?

—          Кыргызда “жакшылыктын эрте кечи жок” деп коёт. Сыйдын эрте көрсөтүлгөнү деле жакшы. Канткен менен ага татыктуу болуп жатпайбы. Коом болгондон кийин ар кандай пикирлер болот. Ошондуктан башкалардын пикирин деле сыйлашыбыз керек.